00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Реконструкция Ботанического сада и зачем там футбольные поля?
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБ шартында көмүскөдөн мыйзамга: кыргыз тигүүчүлөрү жаңы талаптарга кантип ыңгайлашууда?
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эмгек укуктары кандай корголуп жатат? — Кесиптик бирликтер федерациясы жыл жыйынтыгын чыгарды
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Тамак-ашка уулануу: кооптуулугу жана биринчи жардам
13:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасы: сууну үнөмдөп, түшүмдүүлүктү жогорулатабы?
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
On air
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Дүйнөдөгү мунайдын атаандашы сейрек кездешүүчү металдар: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн запастары жана мүмкүнчүлүктөрү
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу ыкмасы: сууну үнөмдөп, түшүмдүүлүктү жогорулатабы?
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Садыр Жапаровдун катышуусунда салттуу "Мурас" достук футбол турнири башталганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Турнирдин ачылышы Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясында өтүп, ага 16 команда катышууда. Мелдеш 13-14-декабрь күндөрү өтөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кышкы эс алуу күндөрүн 1-январдан 12-январга чейин узартууну сунуштап жатат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга илинди. Эмгек кодекси боюнча, кыгызстандыктар 1-7-январь күндөрү эс алышы керек. Токтом долбоорунда 8-январдагы иш күнүн 7-февралга, 9-январдагы иш күнү 25-апрелге жылдыруу сунушталган. Эгер документ кабыл алынып калса кышкы каникул 11 күнгө созулуп, 12-январдан тарта эл жумушка чыга баштайт. Министрлик буга бир нече жагдай түрткү экенин белгилеген. Биринчиден, жаңы жылдан кийин вирустук инфекциялар күч алат. Экинчиден, окуучулардын каникулу 12-январга чейин созулат, алардын ата-энеси менен чогуу эс алуусуна шарт түзүү зарыл. Мындан тышкары, кышкы туризмден түшчү кирешени көбөйтүү жана энергетикалык жүктү азайтуу да жүйө катары келтирилген.
Бишкек шаарынын Ленин районунда аймактарга каттаган таксилердин ишин тартипке келтирүү багытында рейд өттү. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, анда айдоочуларга тыюу салынган жерлерден жүргүнчүлөрдү унаага отургузуу мыйзам бузуу экени түшүндүрүлдү. Аларга атайын уюштурулган жайларда гана жүргүнчүлөрдү тейлөө керектиги эскертилди. Бул чаралар коомдук коопсуздукту камсыз кылууга, тартипти сактоого жана жол кыймылын жөнгө салууга багытталган. Рейдге Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери катышып, коомдук тартипти камсыздоого көмөк көрсөтүштү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кылмыш-жаза кодексине ылайык, 5 протокол түзүлдү. Мэрия шаарды ирээтке келтирүү, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана таксилердин мыйзамсыз иш-аракеттерине жол бербөө максатында ушул сыяктуу иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турарын белгиледи. Ошондой эле айдоочулардын лицензиясынын бар-жогу да каралат.
АКШ президенти Дональд Трамп Латын Америкасындагы наркокартелдерге каршы жакын арада жерден сокку урула баштаарын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Америка лидеринин айтымында, бул аракет Венесуэлага каршы жасалган сокку деп эсептелбейт, алар баңгизат ташыган жана “америкалык жарандарды өлтүрүп жаткан” адамдарга багытталат. “Биз деңиз аркылуу келген баңгизаттын 96 пайызын токтоттук, эми кийинки аракетибиз кургакта уланат. Ал алда канча жеңил болуп, жакын арада ишке аша баштайт”, — деген Трамп. Маалыматына ылайык, жума күнү Американын аскер учактары Венесуэланын жээктерине жакын учуп барып келишкен. Андан башка да чалгындоо, өзөктүк курал алып жүрө алган бомбалоочу учактары да аталган аймактардан байкалууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0