19:50 25 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7940
  • EUR98.7808
  • RUB1.2090
Таржымал
Кыскача шилтеме алуу
5723512116

Жазуучу жана котормочу Мукай Элебаевдин өмүрү жөнүндө Sputnik Таржымалынан таанышыңыз.

Мукай Элебаев 1906-жылы Түп районуна караштуу Чоң-Таш айылында туулган. Ата-энесинен эрте айрылып жетим өскөн. 1916-жылы Үркүндө Кытайга качып, ал жактан көл өрөөнүнө жаңы бийлик орноду деп уккан эл менен кошо жөө-жалаңдап 1917-жылы кайтып келет. Ошол жылдардагы саясий өзгөрүүлөргө чейинки карапайым кыргыз элинин турмушун жазуучу автобиографиялык мазмундагы "Узак жол" аттуу романында баяндаган.

Кыргыз эл жазуучусу, котормочу Касымалы Баялиновдун архивдик сүрөтү жубайы менен
© Фото / из семейного архива Баялиновых
1921-жылы Мукай Элебаев Караколдогу жетим балдарды тарбиялоочу интернатка кабыл алынып, Түп районуна караштуу Монастырь деген жердеги айыл чарба техникумуна кирет. Ал жакта үч жыл билим алган соң, Фрунзедеги борбордук педагогикалык техникумга келип 1930-жылга чейин окуйт. 

Мукай Элебаевдин "Зарыгам" аттуу туңгуч ыры 1924-жылы "Эркин Too" гезитинде жарык көргөн. Салттык арман ырларына үндөш жазылган бул чыгармасында акын билим алууга болгон тилегин, ой-санаасын билдирет: 

Канткенде табам амалын, 

Көкүрөктөгү жаранын. 

Алыста окуу артык деп, 

Угамын катуу кабарын…

Билим алууга умтулуп, кыялында не бир алыскы шаарларга барсам дем далалаттанган акындын замандаштарына бул ыр чоң таасир берген. Аны обонго салып жатка ырдаган учурлары да болгонун ошол кездеги мектеп окуучусу, дагы бир кыргыздын атактуу акыны Кубанычбек Маликов эскерген. 

"Зарыгам" менен катар, "Алга бас", "Чамда", "Арсар жигит" өңдүү алгачкы ырларын Мукай Элебаев айыл чарба техникумунда окуп жүргөндө жараткан.

Жазуучунун биринчи ырлар жыйнагы 1931-жылы чыккан, ал эми 1936-жылы "Узак жол" автобиографиялык романы да жарык көргөн.

Негизи, Мукай Элебаевдин дээрлик бардык чыгармалары автобиографиялык мазмунга ээ. Аларга "Узак жол" менен катар "Кыйын кезең", "Зарлык", "Бороондуу күнү" сыяктуу аңгемелери жана ырлары кирет. 

Элебаев чебер котормочу да болгон. Ал орус адабиятынын классикасына айланган Гогольдун "Шинель", "Өлүк жандар", Л.Толстойдун "Хажы Мурат", Пушкиндин "Хандын өлгөн кызы менен жети баатырдын жомогу" сыяктуу чыгармаларын, ошондой эле М.Горькийди, В.Маяковскийди, Франкону, Сурковду кыргызчага которгон. 

Мындан тышкары, Элебаев кыргыздын алгачкы эл агартуучуларынын бири Жума Жамгырчиев менен бирге мектеп окуучулары үчүн адабият боюнча окуу китебин жазып, ал 1930-жылы жарык көргөн. Ал эми 1934-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчө болуп кирген. 

Мукай Элебаев 1943-жылы согуш майданына аттанып, 1944-жылы май айында Псков облусунда курман болгон.

Согуш отун кечип жүргөндөгү Элебаевдин ырлары, албетте, ошол кандуу окуяларга арналып, алыскы мекенине, үй-бүлөсүнө болгон сагынычы, алар менен кайра жүздөшүү тилеги, жеңишке болгон ишеничи да чагылдырылат. Мындай чыгармаларга "Алыста калган жарга", "Согуштан кат", "Көрүшөрбүз бир күнү", "Ала-Тоодон кат", "Тилек" аттуу ырлары кирет. 

Адабият таануучулардын пикиринде, Мукай Элебаев кыргыз адабиятына ыр жазуунун жаңы формаларын киргизип, ошол кездеги коомдук-саясий турмуштагы жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, бийик добуштуу, эмоциясы күчтүү, декломациялык маанайдагы чыгармаларды жараткан. Алардын катарында "Күрөш бүтпөй", "Эми келди кайратым", "От араба" сыяктуу ырлары бар. 

Мукай Элебаевдин аңгемечи катары чеберчилигине "Бороонду күнү" аттуу аңгемеси айкын мисал болот. Ал кыргыз турмушунда болгон бир эле бороондуу күн, бир эле үйдүн көрүнүшү, бир эле тестиер баланын баяндоосу менен мезгилдин маанайын жеткиликтүү жана көркөм сүрөттөп бере алган.

Мукай Элебаев кыргыз адабиятында биринчи жолу социалисттик турмуштун өзүндөгү кемчиликтерди, терс көрүнүштөрдү сынга алып жазган. Анын 1940-жылы жаралган "Тартыш" жазуучунун жеке чыгармачылыгында гана эмес, ошол мезгил үчүн чоң жаңылык болгон. Деги эле, Элебаев ошол эле отузунчу жылдары кыргыз жазуучу-акындарынын ичинен адабий сынга көбүрөөк кайрылып, курч макалаларды жазып, гезит-журналдарга жарыялап турчу. "Тартыш", албетте, ошол кезде сахнага коюлушу мүмкүн эмес эле. Ал жазуучунун архивинде гана сакталып, ал согушта курман болгондон кийин такыр унутулуп, кийин гана жарык көргөн. Элебаев өз пьесасын эмне үчүн театрда коюдан баш тартышканын ошол мезгилде элдин ураандарга көнүп, башка темаларды көп кабыл албагандыгы менен түшүндүргөн. Бул пьесанын сюжеттик өзөгүн керт башынан башкага кызыкпаган, көргөнүн койбой алып-жутма мектеп директору Качкындын, айлакер, эки жүздүү, бай-манапчыл Жейрендин ниети ак, күрөшчүл мугалим Айдар менен тирешүүсү түзөт. Чыгарма деги эле коомдо кездеше турган терс көрүнүштөрдүн бетин ачып көрсөткөн. Бирок бул ошол кездеги саясатка, жалпы теңчилик орноду деп жарыяланган идеологияга туура келген эмес. Анан калса, совет мезгилине чейинки кыйын мезгилди сүрөттөп, жаңы доор өзү менен ала келген жаңылыктарды даңазалаган акындын чыгармаларына каршы келген. Ошол себептен чыгарма татыктуу бааланбай калган. Антсе да, Элебаев өз чыгармачылыгы менен кыргыз жазма адабиятынын түптөлүшүндө, анын бардык жанрларынын калыптанып өрчүшүнө өзүнүн зор салымын кошкон улуу сөз чебери катары тарыхта калды.

Азыр Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылындагы орто мектеп, Ош облусунун Базар-Коргон районундагы №1 орто мектеп Мукай Элебаевдин ысмын алып жүрөт. 

Тема боюнча

Жеңижок — өмүр баяны

ЭҢ МААНИЛҮҮ