https://sputnik.kg/20241228/1091142494.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Казакстандагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандык Ринат Асановду алып келүүгө учак даяр. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди... 28.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-28T17:00+0600
2024-12-28T17:00+0600
2024-12-28T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1c/1091142362_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d32ac2ed5db73b988a5e6be68043649a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Казакстандагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандык Ринат Асановду алып келүүгө учак даяр. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровго соңку кырдаал боюнча маалымат берген.Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов кырсыкта жабыркаган кыргызстандыктын абалы учурда оор болгондуктан учак менен ташуу кооптуу экенин, дарыгерлер уруксат беришсе эле самолет жиберилерин белгиледи. Ал эми калган эки кыргызстандык дүйшөмбү күнү ооруканадан чыгарылат. Эскерте кетсек, 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан учак кулады. Учакта бараткан 67 адамдын 38и каза тапты. Алардын ичинен отуз жети киши Азербайжандын, он алты адам Россиянын, алтоо Казакстандын, үчөө Кыргызстандын жараны болгон. Муну менен катар дагы беш экипаж мүчөсү болгон.
Кыргызстанда 652 томолой жетим балага 500 миң сомдон депозит ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров билдирди. Анын айтымында, быйыл июль айынан тартып томолой жетим балдар үчүн “Келечекке салым” балдар аманаты ишке киргизилди. Президенттин жарлыгына ылайык, ар бир бала үчүн 500 миң сомдон эсеп ачуу каралган. “Ар бир бала 18 жашка чыкканда колуна 500 миң сомдон алат. Аны алар билим алууга, ипотека үчүн баштапкы төлөм катары төлөөгө колдоно алышат. Азыркы учурда 652 баланын тизмеси жана тийиштүү документтери такталып, атайын эсептер ачылды”, - деди министр.
Балыкчы шаарында социалдык объектилер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен социалдык инфраструктура объектилерин мамлекетке кайтаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Алсак, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсүндө жайгашкан спорт комплекстин ашканасы жана жатаканасы, ошондой эле мурдагы бала бакчанын имараты боюнча жеке тараптын укук аныктоочу документтери прокуратуранын доо арызынын негизинде сот тарабынан жараксыз деп табылган. Шаардык прокуратуранын прокурордук актыларынын жыйынтыгы менен жалпы орточо базар баасы 11 млн 962 миң сомду түзгөн бул үч социалдык объект мамлекетке кайтарылган.
Тышкы иштер министрлиги жаңы жылдан баштап Россияда жүрүү эрежелери өзгөргөнүн эскертти. Билдирүүгө ылайык мындай өзгөрүүлөр кирет: 1-январдан тарта Россияда болуу мөөнөтү 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартылат. Бул уруксат документтери жок (мисалы, убактылуу/туруктуу жашоого уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишим жок) жарандарга тиешелүү Муну менен катар эле маалыматта 5-февралдан баштап Россиянын ички иштер органдары соттор менен бирге чет элдик жарандарды укук бузуулары үчүн өлкөдөн чыгара алары айтылды. Тышкы иштер министрлиги жердештерге Россиянын миграциялык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө статусун ылайыктап алуу үчүн тиешелүү органдарга кайрылууга чакырды.
Казакстандагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандык Ринат Асановду алып келүүгө учак даяр. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровго соңку кырдаал боюнча маалымат берген.Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов кырсыкта жабыркаган кыргызстандыктын абалы учурда оор болгондуктан учак менен ташуу кооптуу экенин, дарыгерлер уруксат беришсе эле самолет жиберилерин белгиледи. Ал эми калган эки кыргызстандык дүйшөмбү күнү ооруканадан чыгарылат. Эскерте кетсек, 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан учак кулады. Учакта бараткан 67 адамдын 38и каза тапты. Алардын ичинен отуз жети киши Азербайжандын, он алты адам Россиянын, алтоо Казакстандын, үчөө Кыргызстандын жараны болгон. Муну менен катар дагы беш экипаж мүчөсү болгон.Кыргызстанда 652 томолой жетим балага 500 миң сомдон депозит ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров билдирди. Анын айтымында, быйыл июль айынан тартып томолой жетим балдар үчүн “Келечекке салым” балдар аманаты ишке киргизилди. Президенттин жарлыгына ылайык, ар бир бала үчүн 500 миң сомдон эсеп ачуу каралган. “Ар бир бала 18 жашка чыкканда колуна 500 миң сомдон алат. Аны алар билим алууга, ипотека үчүн баштапкы төлөм катары төлөөгө колдоно алышат. Азыркы учурда 652 баланын тизмеси жана тийиштүү документтери такталып, атайын эсептер ачылды”, - деди министр.Балыкчы шаарында социалдык объектилер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен социалдык инфраструктура объектилерин мамлекетке кайтаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Алсак, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсүндө жайгашкан спорт комплекстин ашканасы жана жатаканасы, ошондой эле мурдагы бала бакчанын имараты боюнча жеке тараптын укук аныктоочу документтери прокуратуранын доо арызынын негизинде сот тарабынан жараксыз деп табылган. Шаардык прокуратуранын прокурордук актыларынын жыйынтыгы менен жалпы орточо базар баасы 11 млн 962 миң сомду түзгөн бул үч социалдык объект мамлекетке кайтарылган.Тышкы иштер министрлиги жаңы жылдан баштап Россияда жүрүү эрежелери өзгөргөнүн эскертти. Билдирүүгө ылайык мындай өзгөрүүлөр кирет: 1-январдан тарта Россияда болуу мөөнөтү 180 күндөн 90 күнгө чейин кыскартылат. Бул уруксат документтери жок (мисалы, убактылуу/туруктуу жашоого уруксат, эмгек же жарандык-укуктук келишим жок) жарандарга тиешелүү Муну менен катар эле маалыматта 5-февралдан баштап Россиянын ички иштер органдары соттор менен бирге чет элдик жарандарды укук бузуулары үчүн өлкөдөн чыгара алары айтылды. Тышкы иштер министрлиги жердештерге Россиянын миграциялык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөргө статусун ылайыктап алуу үчүн тиешелүү органдарга кайрылууга чакырды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1c/1091142362_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c981399ed26e8e1f642c6aa673d0eb6f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио