00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Зимние истории: как появился Новый год
14:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Мекенинде ийгиликтүү ишкерге айланган мурдагы мигрант
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Таберик
Мен билген Чалагыз...
17:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан өлкөдө катталып, чет мамлекетте иш алып барган компанияларды текшерүү укугу бар
17:32
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:08
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Өткөн жылдын январь-октябрь айларында өлкө чет мамлекеттерге 3 миллиард 123,4 миллион долларлык товар сатканын Улуттук статистика комитети билдирди. Кыргызстан көп экспорт жасаган өлкөлөр булар: Россияга — 937 миллион 427,9 миң долларлык товар экспортолуп 30 пайызды түзгөн; Улуу Британияга — 871 миллион 51,9 миң долларлык товар экспортолуп 27,9 пайызды түзгөн; Казакстанга — 359 миллион 260,4 миң долларлык товар экспортолуп 11,5 пайызды түзгөн. Белгилей кетчү жагдай, Улуу Британияга жасалган экспорттун 99 пайыздан ашыгы же 870 миллион доллары алтынга туура келет. Ошол эле учурда Россияга товарлардын жүздөгөн түрү, анын ичинде кийим-кече, тамак-аш жана өнөр жай товарлары сатылат. Эгерде алтынды кошпостон экспортту кайра эсептесек, анда бөлүштүрүү төмөнкүдөй болот: Кыргызстандын продукциясынын экспортунун дээрлик жарымы, тагыраагы, 45,5 пайызы Россияга туура келет.
Брюсселде өткөн Глобалдык туристтик форумдун жылдык жыйынында Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы, элчи Кубанычбек Өмүралиевге абройлуу "Туризм лидери-2024" сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Бүткүл дүйнөлүк туристтик форум институту белгилегендей, элчи Кубанычбек Өмүралиевдин аракети түрк мамлекеттеринин дүйнөлүк туристтик ландшафттагы ролун гана жогорулатпастан, алардын ортосундагы биримдикти жана кызматташтыкты чыңдоого жардам берди. Уюштуруучулардын айтымында, бул сыйлык дүйнөлүк туризмдин өнүгүшүнө зор салым кошкон инсандарга Бүткүл дүйнөлүк туристтик форум институту тарабынан ыйгарылат. Буга чейин сыйлык алгандардын арасында Индонезиянын президенти Жоко Видодо жана Еврокомиссиянын мурдагы төрагасы Жозе Мануэл Баррозу сыяктуу дүйнөлүк лидерлер бар.
Бишкекте блогер баракчасына катталуучу топтоо үчүн шаардын бир бурчуна акча катып, элди топтогон деп милицияга алып келинди. Маалыматка ылайык, 31 жаштагы киши Ак-Ордо конушунда 100 миң сом катканын айтып, түндө адамдарды топтоп, жашоочуларды сарсанаа кылган. Блогер муну баракчасында катталуучуларын көбөйтүү үчүн жасаганы айтылды. Ал мындан кийин элди чочулаткан акцияларды уюштурбоого убада берген.
Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Владимир Зеленскийдин оройлугуна жооп берип, Киевден эч нерсе күтпөй жардам берүүгө милдеттүү эместигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Буга чейин Зеленский Фицо Европаны америкалык газдан баш тартууга үндөөдө деп айыптаган. Ошондой эле ал Словакияны Россиянын газы үчүн жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча "шектүү схемаларга" катышкан деп айыптап, өлкөнүн коопсуздук органдарын бул маселеге көңүл бурууга чакырган. "Зеленский мырза, сизге басым болуп жатканын түшүнөм. Сизге Батыш саясий себептер менен керектүү нерселердин баарын берип жатат. Бирок мен өз көз карашын билдире албаган, эч нерсе күтпөй жардам берүүгө милдеттүү болгон малайыңыз эмесмин", — деди Фицо кайрылуусунда. Ал ошондой эле Брюсселдеги Евробиримдиктин саммитинде Зеленский тарабынан сынга алынганын жана андан кийин анын социалдык тармактардагы билдирүүлөрүндө да текебер жана агрессивдүү мамиле байкалганын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0