00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Шайлоодо добушун саткандарды жоопкерчиликке тартуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков даярдаган. Анын негиздемесинде шайлоодогу мыйзам бузуу, айрыкча добуштарды сатуу демократияга коркунуч жаратып, жарандардын эркин тандоосун бурмалап жана шайлоо системасына ишенимди азайтат. Бул көйгөйдү чечүү максатында Кылмыш-жаза кодексине 196-1-беренесин киргизүү сунушталууда. Анда добуш берүү укугун акча, материалдык баалуулуктар, кызмат көрсөтүүлөр же башка жеңилдиктер үчүн саткандарга кылмыш жоопкерчилигин киргизүү — 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин айып салынат; эгерде жаран анын добушун сатып алуу аракети тууралуу тергөө башталганга чейин компетенттүү органдарга билдирсе, кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу каралган.
Ысык-Көл облусундагы миллиард сомдук эс алуу борбору мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал уюшкан кылмыштуу топту каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо ишинин алкагында алынган."Ысык-Көл облусунун Корумду айылындагы аянты 4 миң 679 чарчы метр имараттардан жана курулмалардан турган, болжолдуу наркы 1 миллиард 84 миллион сомду түзгөн "Симирам" эс алуу борбору кайтарымсыз негизде Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта. УКМК быйыл жайында бул эс алуу борборунун ээси Ясынжан Таировго издөө жарыялаган эле. Таиров Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн Камчы Көлбаев менен байланыш түзүп, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө борбордон коттедж, номер, майрамдарда белек-бечкек берип турганы айтылган. Кылмыштуу жол менен табылган мүлктөрдү аныктоо аракеттери уланып жатканы кошумчаланды.
Министрлер кабинети 2025-жылда боло турган айыл чарба каттоосуна 278 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ысык-Ата жана Араван райондорунда сынамык айыл чарба каттоосу ийгиликтүү аяктады. "Министрлер кабинети каттоону өткөрүүгө 278 миллион сом бөлгөн, анын 87,8 пайызы кызматкерлердин маянасына жана социалдык фонд төлөмдөрүнө жумшалат. Каттоо иштерине 6,8 миңден ашык кызматкер тартылат. Бирок толук масштабдуу иш-чараларды ишке ашыруу үчүн кошумча каржылоо зарыл. Ошондуктан эл аралык өнөктөштөр менен иштер жүрүүдө. Мисалы, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму 30 миң доллар бөлүүгө даяр", — деп айтылат маалыматта. Айыл чарба каттоосу агрардык сектордун өнүгүүсүнө негиз болуучу маалыматтарды тактоого жана бул тармактагы саясатты жакшыртууга багытталган маанилүү кадам экени кошумчаланды.
Россия бийлиги алмашкан Сирия мамлекети Ливиянын тагдырын кайталабайт деген ишенимде. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат жыйын учурунда билдирди. Лавров Сирияда боло турган шайлоо жыйынтыгын бардык тараптар эч күмөнү жок тааный тургудай болуп уюштурулушу зарылдыгын, ага өлкөдөгү бардык саясий жана этноконфессионалдык топтор катышышы керектигин белгиледи. Министрдин айтымында, Россия Түркия жана Иран, ошондой эле башка араб мамлекеттери менен чогуу бул процесске БУУнун Коопсуздук кеңешинин алкагында да, Астана форматынын алкагында да көмөктөшүүгө даяр. Лавров муну менен бирге Россия Сириянын жаңы бийлиги менен экономикалык кызматташууну жандантууга ниеттенип жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул жаатта эки өлкөнүн ортосунда өткөн жылдардын жетишкендиктери бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0