https://sputnik.kg/20241227/1091117763.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облусундагы миллиард сомдук эс алуу борбору мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, ал уюшкан кылмыштуу топту каржылоо... 27.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-27T13:00+0600
2024-12-27T13:00+0600
2024-12-27T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1b/1091117630_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6a1f6a7045565475f173337da539a534.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облусундагы миллиард сомдук эс алуу борбору мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, ал уюшкан кылмыштуу топту каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо ишинин алкагында алынган."Ысык-Көл облусунун Корумду айылындагы аянты 4 миң 679 чарчы метр имараттардан жана курулмалардан турган, болжолдуу наркы 1 миллиард 84 миллион сомду түзгөн "Симирам" эс алуу борбору кайтарымсыз негизде Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.УКМК быйыл жайында бул эс алуу борборунун ээси Ясынжан Таировго издөө жарыялаган эле. Таиров Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн Камчы Көлбаев менен байланыш түзүп, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө борбордон коттедж, номер, майрамдарда белек-бечкек берип турганы айтылган.Кылмыштуу жол менен табылган мүлктөрдү аныктоо аракеттери уланып жатканы кошумчаланды.
Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп Айбек Молдогазиев дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Эскерте кетсек, Молдогазиев тышкы иштер министринин орун басарлыгын аркалап келген. Буга чейинки элчи Бакыт Аманбаев 25-октябрда кызматынан алынган болчу.
"Аламүдүн" базарынын айланасында унаа кыймылын уюштуруу схемасы өзгөртүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.Маалыматка ылайык, чечим транспорт тыгындарын тартипке келтирүү, азайтуу жана көчөлөрдүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынууда."Жибек Жолу проспектинде жана Курманжан датка көчөсүндө бардык зарыл болгон жол белгилери орнотулуп, чийиндер чийилип жана унаа токтотуучу жерлер демонтаждалып, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Муса Жалил көчөсү менен чыгыш тарапка, андан ары Буденный көчөсү менен бир тараптуу кыймыл уюштурулат", — деп айтылат маалыматта.Бул өзгөртүүлөрдү 1-январдан баштап пилоттук долбоордун алкагында киргизүү пландалып жатканы белгиленди. Мындан тышкары, коомдук транспорттун аралыгын сактоого багытталган иштер дагы жасалары күтүлүүдө.Унаа кыймылын өзгөртүү тиешелүү органдар менен макулдашылганы кошумчаланды.
Украина россиялык газды алуу боюнча келишимди жаап салып, Европаны жазалап жатат, себеби мындай нерседен кийин аталган аймакта баа өсөт. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин айтканын РИА Новости жазды."Булар Европанын колунан жем жеп жатат, алардын колдоосу жок Украина согушмак тургай жашап кете албайт. Биздин газды алуу боюнча транзиттик келишимдерди жаап, эми Европаны жазалоодо. Мунсуз деле алардын абалы кыйын. Миң куб газдын баасы 500 долларга чыгып кетти... Түзүлгөн келишим жок, ага үч-төрт күндө кол кое салуу мүмкүн эмес. Эми болбойт. Ал жактарда баа кайрадан өсөт. Бул боюнча чагымчылыкты биз жасап жаткан жокпуз. Бул — алардын саясаты", — деген Путин журналисттерге.Россия газын Европага транзит менен жеткирүү боюнча 2019-жылы түзүлгөн келишим 31-декабрда соңуна чыгат. Киев макулдашууну узартпай тургандыгын буга чейин бир нече ирет айткан. Ал эми өткөн аптада Владимир Зеленский Украина аймагы аркылуу Россиянын газын Европага транзит менен жеткирүү мүмкүнчүлүгү 31-декабрдан кийин үчүнчү өлкөлөр сатып алган күндө да четке кагыларын айткан.
Ысык-Көл облусундагы миллиард сомдук эс алуу борбору мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, ал уюшкан кылмыштуу топту каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо ишинин алкагында алынган."Ысык-Көл облусунун Корумду айылындагы аянты 4 миң 679 чарчы метр имараттардан жана курулмалардан турган, болжолдуу наркы 1 миллиард 84 миллион сомду түзгөн "Симирам" эс алуу борбору кайтарымсыз негизде Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.УКМК быйыл жайында бул эс алуу борборунун ээси Ясынжан Таировго издөө жарыялаган эле. Таиров Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн Камчы Көлбаев менен байланыш түзүп, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө борбордон коттедж, номер, майрамдарда белек-бечкек берип турганы айтылган.Кылмыштуу жол менен табылган мүлктөрдү аныктоо аракеттери уланып жатканы кошумчаланды.Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп Айбек Молдогазиев дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Эскерте кетсек, Молдогазиев тышкы иштер министринин орун басарлыгын аркалап келген. Буга чейинки элчи Бакыт Аманбаев 25-октябрда кызматынан алынган болчу. "Аламүдүн" базарынын айланасында унаа кыймылын уюштуруу схемасы өзгөртүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.Маалыматка ылайык, чечим транспорт тыгындарын тартипке келтирүү, азайтуу жана көчөлөрдүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынууда."Жибек Жолу проспектинде жана Курманжан датка көчөсүндө бардык зарыл болгон жол белгилери орнотулуп, чийиндер чийилип жана унаа токтотуучу жерлер демонтаждалып, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Муса Жалил көчөсү менен чыгыш тарапка, андан ары Буденный көчөсү менен бир тараптуу кыймыл уюштурулат", — деп айтылат маалыматта.Бул өзгөртүүлөрдү 1-январдан баштап пилоттук долбоордун алкагында киргизүү пландалып жатканы белгиленди. Мындан тышкары, коомдук транспорттун аралыгын сактоого багытталган иштер дагы жасалары күтүлүүдө.Унаа кыймылын өзгөртүү тиешелүү органдар менен макулдашылганы кошумчаланды.Украина россиялык газды алуу боюнча келишимди жаап салып, Европаны жазалап жатат, себеби мындай нерседен кийин аталган аймакта баа өсөт. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин айтканын РИА Новости жазды."Булар Европанын колунан жем жеп жатат, алардын колдоосу жок Украина согушмак тургай жашап кете албайт. Биздин газды алуу боюнча транзиттик келишимдерди жаап, эми Европаны жазалоодо. Мунсуз деле алардын абалы кыйын. Миң куб газдын баасы 500 долларга чыгып кетти... Түзүлгөн келишим жок, ага үч-төрт күндө кол кое салуу мүмкүн эмес. Эми болбойт. Ал жактарда баа кайрадан өсөт. Бул боюнча чагымчылыкты биз жасап жаткан жокпуз. Бул — алардын саясаты", — деген Путин журналисттерге.Россия газын Европага транзит менен жеткирүү боюнча 2019-жылы түзүлгөн келишим 31-декабрда соңуна чыгат. Киев макулдашууну узартпай тургандыгын буга чейин бир нече ирет айткан. Ал эми өткөн аптада Владимир Зеленский Украина аймагы аркылуу Россиянын газын Европага транзит менен жеткирүү мүмкүнчүлүгү 31-декабрдан кийин үчүнчү өлкөлөр сатып алган күндө да четке кагыларын айткан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1b/1091117630_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d29561aa2bd9ed536018fbce13ae1e89.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио