Чүй-Кемин шайлоо округунан жарышка чыккан талапкерлер. Тизме

© Sputnik№31 Чуй-Кеминский
№31 Чуй-Кеминский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.11.2021
Жазылуу
Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин саны — 14. Алардын аты-жөнү чүчү кулак кармоо менен тандалган бюллетендеги номерине карап, ирети менен жазылды.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы № 31 Чүй-Кемин шайлоо округунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин жарыялады.
Бир мандаттуу шайлоо системасы менен Чүй-Кемин округунан 14 талапкер чыкты.
  1. Саккараев Медербек Жаманкулович, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган. Учурда "Шумкар" кайгуул-детективдик агенттигинин жетекчиси;
  2. Мамыров Кубатбек Шамырбекович, 11.09.1986, Кыргыз мамлекеттик академиясын "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган. Учурда Кемин шаардык кеңешинин депутаты;
  3. Жансеитов Тынайбек Каныбекович, 14.05.1988, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган. Учурда шаардык кеңештин депутаты;
  4. Ташиев Рустам Рахимович, 02.07.1974, Казак керектөөчү кооперация институтун "бухгалтердик эсеп, көзөмөл жана чарбалык иштерди талдоо" адистиги боюнча аяктаган. Учурда "Ташиев Консалтинг Групп" ишканасынын жетекчиси;
  5. Дүйшөналиев Нурлан Кадырбекович, 10.07.1985, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын "фармация" адистиги боюнча аяктаган. Республикалык диагностикалык борбордо башкы дарыгердин инновация, маркетинг жана менеджмент боюнча орун басары;
  6. Сейтказиев Анаш Токтосунович, 25.10. 1958, СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин "экономика" адистиги боюнча, Кыргыз улуттук университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган. Иштеген жери көрсөтүлгөн эмес;
  7. Карагулов Улан Айтбекович, 30.07.1970, Кыргыз улуттук университетин "экономика" адистиги боюнча бүтүргөн. Учурда фермер.
  8. Осмоналиев Каныбек, 19.11.1963, билими көрсөтүлгөн эмес. Учурда "Ынтымак" спорт мектебинин директору;
  9. Исеналиев Эмилбек Аскеевич, 06.09.1964, Москва институтунун Караколдогу филиалын "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн. Учурда адвокат.
  10. Шаршеналиев Нурлан Алтымышович, 12.08.1985, Кыргыз улуттук университетин "финансы жана кредит" адистиги боюнча аяктаган. Учурда энергетика министринин орун басары;
  11. Ботобаев Айбек Курманович, 02.02.1980, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин "транспорт каражаттарын эксплуатациялоо" адистиги боюнча бүтүргөн. Учурда Чүй облустук жол кайгуул башкармалыгынын жетекчиси;
  12. Мурсалиев Акылбек Рыскелдиевич, 26.06.1982, Кыргыз улуттук агрардык университетин "айыл чарбасын суу менен камсыздоо жана канализациянын инженердик системалары" адистиги боюнча аяктаган. Учурда Боролдой айыл өкмөтүнүн башчысы;
  13. Сариев Абаскан Казакбаевич, 04.09.1957, Фрунзе политехникалык институтун "өнөр жай жана жарандык курулуш" адистиги боюнча бүтүргөн. Учурда фермер;
  14. Абакиров Аскар Жумабекович, 24.12.1976, Кыргыз агрономия академиясын "агроном" адистиги боюнча бүтүргөн. Учурда "Көк-Жон" кооперативинин директору.
Чүй-Кемин шайлоо округунда шайлоочулардын саны — 114 743. АгаТокмок шаары, Кемин жана Чүй райондору толугу менен кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0