"Ишеним" партиясынан депутаттыкка аттангандар. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Жазылуу
"Ишеним" партиясынын тизмеси менен учурда парламентте отурган алты эл өкүлү жана шаардык кеңештин үч депутаты кайра шайлоого аттанды.
БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы 28-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын тизмесин жарыялады.
Ага ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жараянына "Ишеним" партиясы 54 талапкер менен катышат. Алардын арасында азыр парламентте депутат болуп иштеп жаткан Нурбек Сыдыгалиев, Улугбек Ормонов, Бурул Аманова, Уланбек Исмаилов, Айнура Осмонова, Ныязбек Арзыбаев бар.
Талапкерлердин аты-жөнү, туулган жылы, иштеген жери БШК берген маалыматтын негизинде тизмектелди.
  1. Дороев Азамат Кубанычбекович, 1987, Шахмат федерациясынын вице-президенти;
  2. Аматов Рысбай Аматович, 1975, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  3. Алиев Медербек Кубанычевич, 1986, "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү;
  4. Ильина Жанна Васильевна, 1995, президенттик администрацияда эксперт;
  5. Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович, 1973, ЖК депутаты;
  6. Ормонов Улугбек Зулпукарович, 1963, ЖК депутаты;
  7. Рахимов Мамыржан Тойчиевич, 1968, президенттин Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү:
  8. Аманова Бурул Кушбековна, 1969, ЖК депутаты;
  9. Джусупов Эмилбек Рамидинович, 1991, жумушсуз;
  10. Досалиев Акуналы Атамырзаевич, 1959, жумушсуз;
  11. Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич, 1968, ички иштер министринин орун басары;
  12. Муратова Гулкайыр Каныбековна, 1978, Жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун директору;
  13. Шабазов Бахридин Валиевич, 1984, жумушсуз;
  14. Абдыхалыков Нурлан Нишанбаевич, 1976, "Араван автобекети" ЖЧКсынын директору;
  15. Темирбаева Миргул Омурзаковна, 1979, "Сырма текстиль-Бишкек" ЖЧКсынын директору;
  16. Арапбаев Руслан Арапбаевич, 1988, "Кызыл-Кыя суу канал" мамлекеттик ишканасында юрист;
  17. Исмаилов Уланбек Чекишевич, 1967, ЖК депутаты;
  18. Карабаева Канымбу Исираиловна, жумушсуз;
  19. Таалайбек кызы Жылдыз, 1990, Таалайбек Курткаев атындагы фондунун төрайымы;
  20. Абдалиев Кабыл Кушбакович, 1966, жумушсуз;
  21. Молдоярова Дамира Батыркуловна, 1960, "Бел Али строймаркет" ЖЧКсынын башкы директору;
  22. Тагаев Алманбет Анарбаевич, 1980, Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты;
  23. Умарбеков Шерзодбек Абдурашитович, 1984, Сузак айылдык кеңешинин депутаты;
  24. Султанбекова Чолпон Аалыевна, 1969, жумушсуз;
  25. Боромбаев Азимкул Рыскулович, 1982, "Кыял" элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн улуттук бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
  26. Эркебаев Азат Абдыганиевич, 1979, "Жаңы Жибек Жолу" ассоциациясынын төрагасы;
  27. Калыкова Дарыйка Буркановна, 1973, жумушсуз;
  28. Асанов Шавкат Сатымкулович, 1971, “Свяга” ЖЧКсынын башкы директору;
  29. Алимжан уулу Санжар, 1981, жумушсуз;
  30. Турусбекова Эльмира Султанбековна, 1967, жумушсуз;
  31. Жалолидинов Рашид Сайпидинович, 1968, Жалолдин колхозунун башчысы;
  32. Ормонов Жапарбек Туратович, 1973, Ош шаардык кеңешинин төрагасы;
  33. Калбердиева Мавлюда Калмаматовна, 1966, жумушсуз;
  34. Бурханов Асатилло Абдиевич, 1975, жумушсуз;
  35. Мураталиев Марат Молдонович, 1967, жумушсуз;
  36. Осмонова Айнура Шермаматовна, 1971, ЖК депутаты;
  37. Подобедов Олег Владимирович, 1969, жумушсуз;
  38. Степанюк Александр Владимирович, 1969, "Салгар" ЖЧКсында консультант;
  39. Маткаликов Абдупата Жороевич, 1964, жумушсуз;
  40. Шаменова Гулжамал Аттокуровна, 1972, жумушсуз;
  41. Абакиров Илисбек Чокаевич, 1968, “Транс Ойл Сервис” ЖЧКсынын директору;
  42. Тобокел уулу Алтынбек, 1979, "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр" коомунун №1 Бишкек окуу-өндүрүштүк ишканасында эмгектенет;
  43. Солтобаев Тилек Асанович, 1988, Токмок шаардык кеңешинин депутаты;
  44. Абдибаева Айсара Нышановна, 1965, жумушсуз;
  45. Рустамбек уулу Советбек, 1976, жумушсуз;
  46. Тагаев Заир Муталович, 1981, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүндө башкы адис;
  47. Арзыбаев Ныязбек Ирашевич, 1977, ЖК депутаты;
  48. Кочкарова Эристина Азрет-Алиевна, 1968, Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинде бөлүм башчы;
  49. Мадияров Токтосун Ормонбекович, 1959, “МТО-СЭЗ” ЖЧКсынын башкы директору;
  50. Шейшеканов Данияр Турдубекович, 1982, "Сапат Инвест" ЖЧКсынын башкы директору;
  51. Каналиев Бактыбек Эркинович, 1978, Ош шаардык кеңешинин төрагасы;
  52. Шашко Ирина Васильевна, 1988, "Кыргызтеплоэнерго", "Кара-Балтадагы электр жана суу менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси" филиалында экономикалык пландоо бөлүмүнүн начальниги;
  53. Примкулов Мирланбек Исламбекович, 1989, "Примкулов" жеке ишканасынын директору;
  54. Жакышов Русланбек Шергазиевич, 1974, жумушсуз.
Жаңылыктар түрмөгү
0