Кертилип, жоюлуп, кошулган министрлер кабинетинин жаңы түзүмү

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөт үйү. Архив
Өкмөт үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Жазылуу
Министрлер кабинетинин жаңы түзүмүндө УКМКдан башка комитеттер жоюлуп, жалаң министрликтер калат. Төраганын төрт орун басары, 15 министр болот.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинетинин курамы сунушталып, аны Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети жактырды.
Өкмөттүн курамы жарыяланган тизмеден буга чейин бир министрлик болуп кошулган ведомстволор кайра бөлүнүп, жетекчиси катары сунушталган адамдардын аты-жөнүн көрүүгө болот.

Орун басарлык кызматтар

Министрлер кабинетинин төрагасынын беш орун басары төрткө кыскарган. Мурдагылардан Азиз Алиевден башкасы алмашты. Бирөөнө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев барганы жатат. Ал бир эле учурда атайын кызматты жетектеп, күч түзүмдөрдү дагы тескейт.

Жоюлган министрликтер

Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка Акылбек Жапаровду сунуштап, себебин түшүндүрдү

Дастан Догоев башында турган Санариптик өнүктүрүү министрлиги такыр эле жоюлду. Мунун башчысы да министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгын айкалыштырып иштеп келген.

Алмамбет Шыкмаматов жетектеп кеткен Инвестициялар министрлиги да жоюлду.
Эки ведомство тең сегиз ай мурун Улукбек Мариповдун өкмөтү келгенде жаңыдан негизделген болчу.

Кайра бөлүнгөн министрликтер

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мурдагыдай болуп экиге бөлүндү. Бири жөн гана Саламаттык сактоо министрлиги, экинчиси Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги деп аталат.
Ал эми экономика жана финансы министрлиги да кайра бөлүндү. Бул ведомствонун жетекчиси мурда төраганын орун басары кызматын да айкалыштырган. Азыр бири — Экономика жана коммерция министрлиги, экинчиси — Финансы министрлиги деп аталат.
Энергетика жана өнөр жай министрлигинен "өнөр жай" деген сөз алып салынды.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети эми министрлик болмой болду. Ал — Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги деп аталат.
Принесение присяги членами правительства в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Равшан Сабиров президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду
Муну менен министрлер кабинетинин түзүмүнөн УКМКдан башка комитеттер жоюлуп, жалаң министрликтерден турарын түшүнүүгө болот.
Башка министрликтер өзгөртүүсүз калтырылган. Министрлер кабинетинин эски түзүмүнө төраганын беш орун басары, 14 министрлик, эки комитет кирген. Жаңысында төрт орун басар, 15 министрлик кызмат негизделди.
Президент сунуштаган өкмөттүн түзүмү жана жаңы талапкерлер эртең Жогорку Кеңештин макулдугун алгандан кийин президенттин жарлыгы менен кызматка киришет.
Жаңылыктар түрмөгү
0