09:25 24 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6481
  • EUR101.0106
  • RUB1.1649
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (86)
38910

Компаниядан өкмөт менен канадалык ишкананын ортосунда кат түрүндө бекитилген макулдашууга ылайык, КГК Кыргызстандын мыйзамдарына гана баш иерин билдиришти.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. "Кумтөр голд компани" (КГК) ЖЧКсы анын жападан жалгыз акционери болуп эсептелген канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы макулдашпастан, мыйзамсыз түрдө АКШда банкрот процедурасын жарыялаганын маалымдады.

Компаниядан өкмөт менен канадалык ишкананын ортосунда кат түрүндө бекитилген макулдашууга ылайык, Кыргызстандын мыйзамдарына таянуу менен ишмердүүлүгүн улантып жатканын билдиришти.

"Кумтөр голд компани" Centerra анын атынан банкрот процедурасын жарыялаганына тынчсызданып жатат. КГКнын маалыматына караганда, канадалык компания материалдарды сотко өткөрүп, кээ бир жеке жана юридикалык жактарга КГКнын атынан сүйлөөгө ыйгарым укук берүү менен ЖЧКнын уставдары менен Кыргызстандын мыйзамдарын бузду.

"Бул чечимдин юридикалык жактан күчү жок. КГК мындай чечимди Centerra Gold Inc. жоопкерчиликтен качуу менен КГКнын ишине коркунуч жаратуу максатында кабыл алган деп эсептейт", — дешти компаниядан.

Ошондой эле Кыргызстан суверендүү мамлекет болгондуктан АКШнын банкрот боюнча сотунун кабыл алган чечимдери иштебей турганы белгиленди.

КГК Кумтөр кенинин ишин камсыздоо үчүн товар жеткирип, кызмат көрсөткөн тараптарга убагында акчасын төлөп жатканы, мурдагыдай эле социалдык жоопкерчиликтерин аткарып, кызматкерлерге айлыгын берип жатканы белгиленди.

Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (86)

Тема боюнча

"Кумтөр голд компани" жана "Кумтөр оперейтинг компани" АКШдагы сотко кайрылышты
Касымалиева: депутаттардын кармалышы мыйзамсыз, алар үй камагына чыгыш керек
Белгилер:
мыйзам, банкрот, сот, АКШ, Кумтөр, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ