https://sputnik.kg/20210511/kyrgyz-tazhik-chekm-ara-akshnyn-pikiri-1052456324.html
АКШ бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чыр аягына чыккан жок деп эсептейт
АКШ бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чыр аягына чыккан жок деп эсептейт
Sputnik Кыргызстан
АКШ бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы пикир келишпестикти түп-тамыры менен жок кылуу үчүн эки тарапка тең колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. 11.05.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-05-11T11:41+0600
2021-05-11T11:41+0600
2021-12-15T22:53+0600
жаңылыктар
саясат
кыргызстан
дүйнөдө
тажикстан
акш
мамлекеттик департамент
өкүл
билдирүү
баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
https://sputnik.kg/img/101440/88/1014408852_891:0:4326:1932_1920x0_80_0_0_7b9a0a3caec29a3f12c505c383466ab6.jpg
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. АКШнын мамлекеттик департаменти кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал соңуна чыккан жок деп эсептейт. Бул тууралуу Атлантика кеңешинин онлайн-семинарында сүйлөп жатып мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жонатан Хеник билдирди.Анын айтымында, Америка бийлиги кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяларды тынчсыздануу менен кабыл алды.Ошондой эле ал АКШ чек арадагы пикир келишпестикти түп-тамыры менен жок кылуу үчүн эки тарапка тең колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди."Биз Бишкек жана Душанбедеги элчиликтер аркылуу эки өлкөнүн жетекчилиги менен тең байланыштабыз. Алардын Вашингтондогу элчиликтери менен дагы сүйлөштүк. Мүмкүн болгон бардык аракеттер менен абалды жөнгө салуу зарыл", — деди АКШ өкүлү.Сөзүнүн аягында өкүл эки өлкөнүн лидерлерин жоопкерчиликти өз мойнуна алып, мындай окуялардын кайталанышына жол бербөөгө чакырды.
https://sputnik.kg/20210510/zhaparov-putin-menen-sujloshtu-1052449258.html
тажикстан
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101440/88/1014408852_1320:0:3896:1932_1920x0_80_0_0_b6f05d78c2aff3623b68eea8b70b1ad4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, саясат, кыргызстан, дүйнөдө, тажикстан, акш, мамлекеттик департамент, өкүл, билдирүү, баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
жаңылыктар, саясат, кыргызстан, дүйнөдө, тажикстан, акш, мамлекеттик департамент, өкүл, билдирүү, баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
АКШ бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чыр аягына чыккан жок деп эсептейт
11:41 11.05.2021 (Жаңыртылды: 22:53 15.12.2021) АКШ бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы пикир келишпестикти түп-тамыры менен жок кылуу үчүн эки тарапка тең колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
БИШКЕК, 11-май — Sputnik. АКШнын мамлекеттик департаменти кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал соңуна чыккан жок деп эсептейт. Бул тууралуу
Атлантика кеңешинин онлайн-семинарында сүйлөп жатып мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жонатан Хеник билдирди.
Анын айтымында, Америка бийлиги кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуяларды тынчсыздануу менен кабыл алды.
"Бирок биз кырдаал жөнгө салынды деп эсептебейбиз. Эл үйлөрүнө кайтып, куралдуу кагылышуу болгон аймакты калыбына келтирүү үчүн тынчтык жана туруктуулук керек", — деди Хеник.
Ошондой эле ал АКШ чек арадагы пикир келишпестикти түп-тамыры менен жок кылуу үчүн эки тарапка тең колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
"Биз Бишкек жана Душанбедеги элчиликтер аркылуу эки өлкөнүн жетекчилиги менен тең байланыштабыз. Алардын Вашингтондогу элчиликтери менен дагы сүйлөштүк. Мүмкүн болгон бардык аракеттер менен абалды жөнгө салуу зарыл", — деди АКШ өкүлү.
Сөзүнүн аягында өкүл эки өлкөнүн лидерлерин жоопкерчиликти өз мойнуна алып, мындай окуялардын кайталанышына жол бербөөгө чакырды.