00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В школы - без педдиплома: кто и зачем едет преподавать в отдалённые школы Кыргызстана
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ташиев: бир дагы метр жерибизди бербейбиз, Ворухка коридор ачылбайт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев
Кыргызстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Жазылуу
Баткенде Ходжаи Аъло — Ворух жолу курулары тууралуу маалымат тарагандан кийин соцтармактын колдонуучулары Ташиев анклавга коридор ачканы жатканын айтып нааразы болушкан.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Баткендеги Ворух анклавына эч кандай коридор берилген жок. Бул тууралуу Кыргызстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргенин анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов Facebook баракчасына жарыялады.
Белгилей кетсек, бүгүн, 6-майда, Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасындагы делимитация жана демаркация боюнча өкмөттүк делегациясы биргелешкен билдирүү жасады. Ага ылайык, эки өлкө Тажикстандын жарандарынын жана жүк ташыган унааларынын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн Ходжаи Аъло — Ворух жолун курат. Кийин тажик тарап жолду колдонот жана оңдоп-түзөп турат. Аталган жол Капчыгай (Танги) айылын айланып өтөт. Бул маалымат тарагандан кийин соцтармактын колдонуучулары "Камчыбек Ташиев Ворухка коридор ачмай болду, Тажикстан куралдуу кол салып көздөгөнүнө жетти" деген сыяктуу пикирлерин жаза башташты. Мындан улам Ташиев маселе боюнча төмөнкүчө түшүндүрмө берген.
"Кыргыз-тажик чек арасы боюнча оор кырдаалда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алганыбыз чын. 5-майдан 9-майга чейин №43 чек ара чекитинен №61 чек ара чекитине чейин, №135 чек ара чекитинен №141 чек ара чекитине чейинки бөлүктөр боюнча чек ара тилкесин чийип, жазуу иштери жүргүзүлөт. Мына ушул тилкелер боюнча гана 1924 жана 1927-жылдардагы, ошондой эле 1989-жылдагы карталар пайдаланылат. Дагы бир жолу баса белгилейм, аталган жылдардагы карталар ушул гана чек ара чекиттерин тактоодо колдонулат. Ворух анклавынын буга эч кандай тиешеси жок", — деди Ташиев.
Ал ошондой эле Ворух анклавына эч кандай коридор берилбегенин белгилеген.
Карта. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Кыргыз-тажик чек арасындагы тилкелер кайсы картанын негизинде такталары айтылды
"Ворухка коридор берилген жок. Тажикстандын жарандарынын каттоосу үчүн Баткен районунун Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтө турган автожол колдонулат. Жол Баткен районунун карамагында болот, бул документте так жазылып турат. Бул жолдун статусу эки мамлекеттин ортосундагы өзүнчө мамлекеттик макулдашуу менен аныкталат. Башкача айтканда, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттер аралык келишими менен бекитилет. Үчүнчүдөн, биз качан гана анклавдын тегерек чети толук делимитация, демаркациядан өткөндөн кийин гана жолду пайдаланууга уруксат беребиз. Ворух анклавынын тегерек-четин тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өз алдынча жүрмөкчү. Калган участоктор өзүнчө, Ворух боюнча өзүнчө келишимге келебиз. Ошондуктан сабырдуу болуп, такталбаган маалыматтарды чыгарбай туруңуздар. Бизге башка мамлекеттин бир метр да жеринин кереги жок, бирок биз дагы бир метр жерибизди бербейбиз! Өлкө жетекчилиги, биз, бардыгыбыз мына ушул позицияда болобуз жана аягына чейин турабыз!" — деди Ташиев.
Кыргызстан менен Тажикстандын белгилүү бир чек ара чекиттери тактала турган карта боюнча маалыматты да окуңуздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0