00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Земля на пределе: почему пахотные гектары Кыргызстана стремительно превращаются в пустыню?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:08
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Будь в курсе
Доктора для почв: как учат кыргызских аграриев лечить «уставшую» землю
20:11
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ташиев баштаган делегация Тажикстан менен протоколго кол койду. Видео

© Фото / Откурбек РахмановПравительственные делегации Таджикистана и Кыргызстана
Правительственные делегации Таджикистана и Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Жазылуу
Эки мамлекеттин чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу түнкү үчкө чейин созулганы айтылды.
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Түндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу жыйынтыкталып, протоколго кол коюлду.
Аталган делегациянын жетекчиси, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов менен документке кол коюп жаткан видеосун Facebook тармагына Өткүрбек Рахманов жүктөдү. Анда ал протокол бүгүн түнкү саат үчтө кабыл алынганын жазды.
Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат даярдалып жатканын билдирди.
30-апрелде Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү 1-майда Баткенде өтөрү чечилген. Эки өлкөнүн президенттери учурдагы түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечип, үстүбүздөгү жылдын май айынын экинчи жарымында Душанбе шаарында жолугушуу өткөрүүнү макулдашышкан. 
Кыргызско-узбекская граница - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2021
Кыргыз-тажик чек арасындагы басылбаган чырлар. Абал кантип жөнгө салынып келген
Эске салсак, 28-апрель күнү кечинде Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эки-үч күнгө созулуп кетти. Эки тарап бири-бирин көздөй ок аткан. Андан Кыргызстанда каза болгондордун саны 34кө жетип, 178 киши жабыркаган.
Бул трагедиядан улам 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү органдарынын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында кечээ чыр басаңдап, абал турукташып келе жатат. Кечинде тажикстандыктар барымтага алган 10 кыргызстандык жаран мекенине кайтарылды.
Ушу тапта чек арадагы абал тууралуу Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан окуп билүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0