https://sputnik.kg/20201014/sadyr-zhaparov-krim-chojro-tazalajm-1050039327.html
Садыр Жапаров кримчөйрөнү түп тамыры менен жок кыларын айтты. Видео
Садыр Жапаров кримчөйрөнү түп тамыры менен жок кыларын айтты. Видео
Sputnik Кыргызстан
Жыйында депутат Дастан Бекешев "Кыргызстанда криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен күрөшөсүзбү" деген суроону узаткан. 14.10.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-10-14T15:37+0600
2020-10-14T15:37+0600
2021-12-16T14:03+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/0e/1050060440_0:0:1620:917_1920x0_80_0_0_29b40f28393bb898bdddf7e747054985.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/0e/1050060440_0:0:1620:1019_1920x0_80_0_0_97720350bf0bb679aac34e669ac7a881.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
парламенттик шайлоодон кийинки окуялар, кыргызстан, жаңылыктар, саясат, жогорку кеңеш, сүрөт
парламенттик шайлоодон кийинки окуялар, кыргызстан, жаңылыктар, саясат, жогорку кеңеш, сүрөт
Садыр Жапаров кримчөйрөнү түп тамыры менен жок кыларын айтты. Видео
15:37 14.10.2020 (Жаңыртылды: 14:03 16.12.2021) Жыйында депутат Дастан Бекешев "Кыргызстанда криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен күрөшөсүзбү" деген суроону узаткан.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргызстанда криминал түп тамыры менен жок болот. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтты.
Жыйында депутат Дастан Бекешев "Кыргызстанда криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен күрөшөсүзбү" деген суроо узаткан.
"Кыргызстанда криминал жок болот, алар менен катуу күрөшөм. Келгиле, өнүккөн өлкөлөр сыяктуу криминал дегендерди жок кылып, таза мамлекетти түзөлү. Ал үчүн силер да мага жардам беришиңер керек", — деди Жапаров.
Жаңы бекитилген премьер-министр өлкөдө саясий куугунтук болбой турганын, ага сөз берерин да кошумчалады.
"Саясий куугунтуктан мына мен, бир туугандарым, үй-бүлөм баарыбыз өттүк. Араңыздарда мендей адилетсиздикти жон териси менен сезген бирөө да жок болушу керек. Өз башыман өткөргөн адам катары андай саясий куугунтук болбойт деп сөз берем, — деди өкмөт башчы.
Садыр Жапаров соттуулугу эмне болгонун дагы айтты.
Эскерте кетсек, бүгүн парламент өкмөттүн курамын, структурасын жана программасын карап бекитип, өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровду бир добуштан колдоп беришти.