БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин шайлоосунда "баарына каршы" графасы биринчи орунду алып калса, эл өкүлдөрүн шайлоо кайрадан өткөрүлөт. Бул тууралуу "КРдин президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамда жазылган.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарга бул боюнча суроо салгандар бар.
Мыйзам боюнча, "баарына каршы" добушу эң көп берилсе, шайлоо өткөн жок деп саналары белгилүү болду.
Мөөнөтү бүттү! БШКга 5 млн сомдук шайлоо күрөөсүн 16 партия төлөдү
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо быйыл 4-октябрда болот. Ага чейин кандай этаптардан өтүү талап кылынат жана шайлоодон кийинки кадамдар тууралуу Sputnik Кыргызстандын маалымдамасынан окуңуздар.