Алдыда эмне болот? Шайлоонун орчундуу даталары жана этаптары тууралуу маалымат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүПодготовка к парламентским выборам в Киргизии
Подготовка к парламентским выборам в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо быйыл 4-октябрда болот. Ага чейин кандай этаптардан өтүү талап кылынат жана шайлоодон кийинки кадамдар тууралуу Sputnik Кыргызстандын маалымдамасынан окуңуздар.

Бүгүн, 24-август, саат 18.00дө Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) партиялардан талапкерлердин тизмесин кабыл алууну жыйынтыктады. Мындан кийин кандай процесстер боло турганын алдыда кенен тааныштырабыз.

Маалыматтар БШКнын сайты менен "Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын нормаларынан алынды.

Кандай этаптан өтүштү:

  • 3-июлда парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүүнү дайындоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду;
  • 8-июлга чейин шайлоого катышууга ниеттенгендер документ тапшырды;
  • 20-августка чейин бардык партиялар съезд өткөрүп, талапкерлердин тизмесин такташты.

Парламенттик шайлоого катышуудан дагы үч партия баш тартты. Кимдер калды?

Алдыда эмне күтөт:

  • 31-августка чейин шайлоочулардын тизмеси түзүлөт;
  • 4-октябрга чейин шайлоо участкаларына шайлоочулардын тизмеси илинет;
  • 4-сентябрга чейин талапкерлердин тизмеси түзүлөт. Башкача айтканда, БШК ушул мөөнөткө чейин текшерип чыгып, каттап же шайлоого катышуудан четтетет;
  • 4-сентябрда шайлоонун үгүт иштерине старт берилет;
  • 24-сентябрга чейин партия талапкерлеринин баарынын тизмесин артка чакыртып, шайлоого катышуудан баш тартууга укуктуу;
  • 25-сентябрга чейин бюллетендер даярдалып, аймактык шайлоо комиссияларына жиберилет;
  • 28-сентябрга чейин БШК шайлоо участкаларына шайлоочулардын акыркы тизмесин тапшырат;
  • 29-сентябрга чейин партиялар тизмедеги кайсы бир талапкерин артка чакыртып алууга укуктуу;

Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын кожоюндары кимдер? Тизме

  • 29-сентябрдан 4-октябрга чейин ЖМК, анын ичинде интернет-басылмалар коомдук пикирдин негизинде түзүлгөн сурамжылоо сыяктуу шайлоо жыйынтыгын болжолдогон жана башка иликтөөлөрдү жарыялоосуна тыюу салынат;
  • 1-октябрга чейин талапкер өз ыктыяры менен шайлоого катышуудан баш тарта алат;
  • 2-октябрга чейин шайлоо комиссиясынын участкалары имараттан сырткары добуш берүүгө арыздарды кабыл алат;
  • 3-октябрга чейин шайлоо участкаларына бюллетендер өткөрүп берилет;
  • 3-октябрь саат 8.00дө шайлоонун үгүт иштери токтотулуп, жымжырттык күнү башталат;
  • 3-октябрь Шайлоо комиссиясынын участкаларында имараттан сырткары добуш берилет;
  • 4-октябрь — Жогорку Кеңешке шайлоонун негизги күнү, саат 8.00дөн 20.00гө чейин добуш берилет;
  • 25-октябрда шайлоонун толук жыйынтыгы чыгат.

Андан соң партияларга мандат берилери тууралуу маалымат жиберилет. Талапкерлер үч күндүн ичинде БШКга Жогорку Кеңештин депутаты макамы менен дал келбеген кызматтардан кетүүгө жазган арызынын көчүрмөсүн бериши керек.

Жаран шайлоочулардын тизмесинде бар-жогун кантип текшере алат? 5 жолу

БШК шайлоонун жыйынтыгын аныктап, талапкерлердин башка тармактагы жумушун тапшырганы туурасында кабардар болгон соң үч күндүн аралыгында ЖК депутаты катары каттап, күбөлүк (мандат) жана белгиленген үлгүдөгү төш белгини тапшырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0