Чек арада чыккан чырдан улам КР ТИМи тажик тарапка нота тапшырды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание министерства иностранных дел Кыргызской Республики в городе Бишкек
Здание министерства иностранных дел Кыргызской Республики в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя жумага караган түнү болгон. Жергиликтүү тургундар ошол эле айылдагы мектепке көчүрүлгөнү айтылган болчу.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында болгон чыр-чатактан улам Тышкы иштер министрлиги тажик тарапка нота тапшырганын аталган ведомстводон билдиришти.

Буга чейин министр Чыңгыз Айдарбековдун тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда министр Тажикстандын жарандары тарабынан ок атуучу курал колдонулгандыгына, ошондой эле КР жарандарынын автотранспорттук каражаттарына таш ыргытылгандыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирген болчу.

"Элчиликке Тажикстандын консулу чакырылды. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абалды туруксуздаштырууга алып келүүчү деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерге байланыштуу тажик тарапка Тышкы иштер министрлигинин кезектеги протест билдирүү нотасы тапшырылды. Мындан тышкары, кырдаалды курчутпоо максатында кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу талабы коюлду", — деп айтылат маалыматта.

Чек ара чыры

Эскерте кетсек, бүгүн түнкү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында белгисиз адамдар Баткенди көздөй бара жаткан кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып терезелери талкаланган. Андан соң алар Тажикстанды көздөй кирип кетип, из жашырган.

Ал эми саат 1.00дө Тажикстандын Көчө-Карын тарабынан кишилер Баткенден Көк-Таш айылын көздөй бара жаткан дагы бир кыргызстандыктын автоунаасына таш аткан. Анын да маңдайкы айнеги сынган.

Болжол менен 02:40та тажикстандыктар Дахма аймагындагы кыргызстандыктардын үйүн ташка алган. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиция кызматкерлерине Тажикстан тараптан ок атылган.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу айылдагы аялдар менен балдар мектептин имаратына алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0