Штурм дома Атамбаева в селе Кой-Таш. День второй - Sputnik Кыргызстан

Атамбаевди кармоо операциясы. 2-күн. Учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
УКМКнын атайын операциясы 7-августта башталган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 7-август күнү Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция баштаган. Мурунку президенттин Кой-Таштагы үйүнө атайын даярдыктагы бөлүктүн жоокерлери киргизилип, Атамбаевдин тарапташтары менен кагылышкан. Ок атылып, акыркы маалыматтар боюнча ооруканага 74 киши жеткирилген. Атышуудан бир жоокер ок жеп, каза болду.

Sputnik Кыргызстан учурдагы абал боюнча тексттик трансляция жүргүзөт.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
23:45 08.08.2019
Митинг сторонников Алмазбека Атамбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
23:34 08.08.2019

Токтогул жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде 200гө чукул митингчи чогулган.

23:32 08.08.2019

Борбордук аянт азыр ачык. Жолдон унаалар ары-бери өтүп жатат.

23:26 08.08.2019

Ушу тапта митингчилер ТОктогул көчөсү, Чүй жана Эркиндик проспектилери, Раззаков көчөлөрүнө чачырап кетишкен. Милиция кызматкерлери катуу үн чыгаруучу граната, таш колдонушууда.

23:21 08.08.2019

Ушу тапта "Ала-Тоо" аянтында Атамбаевдин тарапташтары чогулуп, аларды милиция кызматкерлери сүрүп чыгарган видеосу тарады.

На площади Ала-Тоо спецназ начал разгон митингующих. Видеотрансляция - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо" аянтында чогулгандарды спецназ күч менен сүрүп чыгарууда. Видео
21:11 08.08.2019

Кабарчыбыздын билдиргенине караганда Атамбаевдин артынан эле Фарид Ниязов, Элдик штабдын жетекчиси Кыяз Смаилов алып келинди.

19:34 08.08.2019

Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармашты. Ушу тапта ИИМге алып келе жатышканы белгилүү болду.

19:10 08.08.2019

Ушу тапта Кой-Таштагы милициянын тосмосунан өткөн элди Кой-Таш айылынын кире беришинен экинчи кордон тосуп алган. Жериндеги кабарчыбыздын айтымында, булар биринчи топко караганда алда канча тажрыйбалуу экени байкалып турат. Элди катуу үн чыгаруучу граната менен коркутуп, кармап турушат. 

Штурм дома Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
19:04 08.08.2019

Ал арада Көк-Жар айылында жол бууп турган укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн эл жрып өткөн видео жарыяланды.

Ташка алып, жаалданган эл. Көк-Жарда жол бууган милициянын сүрүлүп чыккан видеосу - Sputnik Кыргызстан
18:58 08.08.2019

Күч структуралары Кой-Ташка бараткан учурунан ирмемдер

Штурм дома Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
18:22 08.08.2019

Көк-Жар айылы тарапта спецназ тарабынан жабылган жол ачылганын күбө айтты.

18:00 08.08.2019

Кой-Таш менен азыркы тапта байланышуу мүмкүн болбой жатат. Интернет да жок экени айтылууда.

17:33 08.08.2019

Панорама жактагы жол буулду. Бул жерде чогулган Атамбаев менен милиция кызматкерлеринин саны 200-250 кишиге жетет. Жөө-жалаңдаган кишилер милицияны айланып өтүүдө.

Штурм дома Атамбаева в селе Кой-Таш. День второй - Sputnik Кыргызстан
16:27 08.08.2019

Буга чейин Кой-Ташка атайын техника жана көн сандагы милиция кызматкерлеринин бет алганы кабарланган болчу. Жериндеги кабарчыбыздын айтымында, ушу тапта алардын жолдон эл тосуп алып, ортодо кагылышуу болду. Атылган октун да үнү жаңырып жатканы кошумчаланды.

14:21 08.08.2019

Депутаттардын кезексиз жыйынына күч структураларынын жетекчилери келди. Эл өкүлдөрү президенттин келишин талап кылышты. Төрага Жумабеков өлкө башчысынын келүүсүнүн өзүнчө шарты бар экенин белгиледи. Талкуу башталды.

14:04 08.08.2019

Ушу тапта Кой-Ташта Арашандын үйбүлөлүк дарыгерлер борборунун бригадасы нөөмөттө турат. Жергиликтүү тургундардан мезицина кызматкерлерине 21 адам кайрылган, жардам алгандан кийин ооруканага жатуудан баш тартышкан. Дарыгерлер күч структураларынын алты кызматкерине да жардам көрсөтүлгөн. Алардын абалы орто деп бааланууда. Экөө октон жаракат алса, төртөө колу-буту жана денесинин башка мүчөлөрү тытылып, айрылган.

13:22 08.08.2019

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы кадамдары тууралуу пикирин айткан. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Жээнбековдун айтымында, Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралчан каршылык көрсөткөн. Ал андан сырткары Кыргызстан укуктук мамлекет, мамлекеттин милдети — бардык жарандар мыйзамдын талаптарын кынтыксыз сактоосун камсыз кылуу экенин белгилеген.

"Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, тез арада чараларды кабыл алуу зарылдыгына байланыштуу мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруунун зарылдыгын баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти.

Жыйындын жыйынтыгында тийиштүү чечим кабыл алынган.

13:20 08.08.2019
Штурм дома Атамбаева в селе Кой-Таш. День второй  - Sputnik Кыргызстан
13:19 08.08.2019

Парламенттин маалымат кызматы чукул жыйын саат 14:00дө башталарын ырастады. Буга чейин жыйын саат 15:00дө башталары кабарланган болчу.

12:29 08.08.2019
12:09 08.08.2019

Ал арада Алмазбек Атамбаев тарапташтарына чыгып, алдыдагы кадамдары тууралуу айтып берди.

Штурм дома Атамбаева в селе Кой-Таш. День второй - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев мындан кийинки кадамдары кандай болорун айтты. Сүрөт
11:53 08.08.2019

Кабарчыларыбыз Кой-Таштагы абалды чагылдырган сүрөттөрдү жиберип жатат.

Штурм дома Атамбаева в селе Кой-Таш. День второй - Sputnik Кыргызстан
11:15 08.08.2019

Кой-Ташка кетчү жол эки жагынан тең ачык. Унаалар, адамдар тоскоолдуксуз өтүп жатат. Болгону интернет өтө начар экени айтылды.

11:08 08.08.2019

Кагылышуу башталган бери социалдык тармакта да элди тынчтыкка, ынтымакка, чагымчылдыкка алдырбоого чакырган билдирүүлөр көп жазылды. 

Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Эки достун кармашынан эл азап чекпесин! Соцтармак тынчтыкка чакырууда
11:04 08.08.2019

Ушу тапта Кой-Ташта Sputnik агенттигинин кбаарчылары да жүрөт. Алардын айтымында, абал тынч, Атамбаевдин үйүндө 200-300дүй киши чогулуп турат.

10:50 08.08.2019

Ал арада экс-премьер-министр Феликс Кулов УКМКнын Атамбаевди кармоо боюнча кечээки операциясына шалаакы, мажирөө аракет деп баа берди. Мурунку аткминердин айтымында, атайын кызмат кандуу окуя боюнча түшүндүрмө бериши керек.

Депутат Жогорку Кенеша 5-го созыва Феликс Кулов  - Sputnik Кыргызстан
Кулов: УКМК шалаакы, мажирөө операциясы боюнча түшүндүрмө бериши керек
10:31 08.08.2019

8-август күнү кезексиз сессияга чогула турганын кечээ Жогорку Кеңеш да билдирген.

Заседание депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат
09:32 08.08.2019

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында КР Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Прессанын катышуусуз өтүп жаткан жыйындын күн тартибинде "2019-жылдын 7-августунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коопсуздукту жана тартипти камсыздоо" маселеси каралып жатат.

09:03 08.08.2019

Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча эл менен кагылышуудан жабыркаган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы өтө оор бойдон калууда. Ал учурда комада, жасалма дем алдырылып жатат. 

Курманкулов мээси чайкалып, оор жаракат алган. Ага Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда баш сөөктү тешүү (трепанация) жолу менен операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы белгилүү.

09:01 08.08.2019

Түндө Кой-Таштагы окуялардан кийин Алмазбек Атамбаев элге жана бийликке ккайрылуу жасаган.

Ситуация около дома бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев бийлик менен элге кайрылуу жасады
08:53 08.08.2019

Башкы прокуратура 7-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
"7-августтагы факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 264чү (массалык баш аламандык) жана 266-беренелери (бейбаштык) боюнча каттоого алынган. Кагылышуудан Чүй менен Бишкектин аймактык ооруканаларына жаракат алган 47 киши кайрылган, аларды 22си УКМКнын жана эки киши ИИМдин кызматкерлери. Арасында 23 жай тургун бар. Андан сырткары, ок жеген УКМКнын бир жоокери каза болду", — деп айтылат маалыматта.
Бул фактылар Кылмыш жаза кодексинин "Адам өлтүрүү", "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" жана "Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук" беренелери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Андан сырткары, Атамбаевдин тарапташтарынын УКМКнын кызматкерлерин туткунга алышы боюнча да Кылмыш жаза кодексинин 244-беренеси ("Туткунга алуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.
Учурда жогоруда аталган фактылар боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды.

08:52 08.08.2019

Ички иштер министрлигинин акыркы берген маалыматы боюнча кырдаал туруктуу, тынч.

Жаңылыктар түрмөгү
0