БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бүгүн саат 16.00дө Алмазбек Атамбаев "Форум" ишканасынын алдында барат. Бул тууралуу мурунку президент Кой-Таштагы үйүнөн тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
© Sputnik / Бактияр БердибековБүгүн саат 16.00дө Алмазбек Атамбаев "Форум" ишканасынын алдында барат.
Бүгүн саат 16.00дө Алмазбек Атамбаев "Форум" ишканасынын алдында барат.
Атамбаев кырдаалга баа берип, бийлик мыйзамсыз аракеттерге барган деп эсептейт.
"Спецназдын кармалган жоокерлери бүгүн бошотулат. Чогулган курал-жаракты чогултуп койдук. Элдин колунда курал жок болчу. Жоокердин каза болушуна бийлик күнөөлүү. Бүгүн "Форумдун", андан кийин Ак үйдүн алдына барып митинг өткөрөбүз", — деди Атамбаев.
Sputnik Кыргызстан агенттиги абалга көз салып, тексттик трансляция жүргүзүүдө.