"Кийинкисин талаада өткөрөлү". Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо уланууда

© Sputnik / Эмиль СадыровЧек арадагы көзөмөл пункту. Архив
Чек арадагы көзөмөл пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Делегация мүчөлөрү кыргыз-тажик чек арасынын калган тилкелеринин сызыгын чийүү боюнча сунуштарды да талкуулады.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелери боюнча эки тараптын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу тобунун кезектеги жолугушуусу Исфара шаарында өттү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар мамлекеттик чек аранын сызыгын жумушчу вариантын чийип, кыргыз-тажик чек арасынын калган тилкелеринин сызыгын чийүү боюнча сунуштарды талкуулашты. Жолугушууда Баткен облусунун Баткен районундагы айрым Мамлекеттик чек ара участокторун биргелешип талаада текшерүү өткөрүү жөнүндө макулдашылды", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чек ара чыры маал-маалы менен чыгып турат. Жакында эле Баткен районунун Достук айылынын тургунун коңшу мамлекеттин улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кармап кеткени маалым болгон. Бул фактыга нааразы болгон эл облустук администрацияга келип, аларга тиешелүү тараптар маалымат берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0