БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолуккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, АКШнын Афганистандагы аракеттери Борбор Азиядагы мамлекеттерге кесепетин тийгизип жатканын айтты.
"Борбор Азия тууралуу сөз кылганда Афганистандан келип жаткан коркунучтар — терроризм, наркотрафик жана туруксуздук тууралуу айтылат. Бул нерсе коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылууда. Анын ичинде ЖККУнун базасынын ишмердүүлүгү да бар. Биз аны бекемдөө жолдору тууралуу сүйлөштүк", — деди Лавров.
Ал ошондой эле "Москва форматы" аттуу өзгөчө аянтча бар экенин белгилеп, ал жерде афган маселесин Борбор Азиядагы бардык мамлекеттин өкүлдөрү талкуулай турганын белгиледи. Анын ичинде конфликтиге барып жаткан талибдер дагы бар.
Сергей Лавров Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Ал өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, Кыргыз-орус Славян университетинде студенттерге лекция окуду.