Марттын соңунда Кыргызстанга Владимир Путиндин келиши күтүлүүдө

© AP Photo / Vladimir VoroninРоссия президенти Владимир Путиндин. Архив
Россия президенти Владимир Путиндин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФ президентине чейин кыргыз жергесине тышкы иштер министри Сергей Лавров келип кетмекчи.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен марттын соңунда келери күтүлүүдө. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Путинди өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-россиялык мамилелерди, союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү илгерилетүү, достукту бекемдөө жана экономикалык долбоорлорду алга жылдыруу максатында чакырган.

Сыдыков эки президент 2018-жылдын сентябрь айында Тажикстанда өткөн КМШ мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги кеңешинде жолукканын эске салды. Анын айтымында, ошондон тарта даярдык иштери жүрүп жаткан.

"2019-жылдын 3-4-февралында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кыргызстанга расмий сапары күтүлүүдө. Күн тартибиндеги башкы маселе Путиндин визити болот. Мамлекеттик сапардын алкагында кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиянын 21-отуруму өтөт, Кыргызстандын жана Россиянын бизнес коомчулугунун 500 өкүлү катышкан региондор аралык конференциясы өткөрүлөт. Биринчи жолу КР жана РФ ЖОЖдорунун ректорлорунун форуму өтөт. Анын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда бир катар макулдашууларга кол коюлат", — деди Сыдыков.

Россия Кыргызстанга кандай техникаларды берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Россия Кыргызстанга кандай техникаларды берди. Видео
Ал эки тараптуу жолугушууларынын алкагында соода-экономикалык кызматташтык, аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу, Кыргызстанда инфраструктуралык курулуш чөйрөсүндөгү долбоорлорду илгерилетүү маселелери талкуулана турганын белгиледи. Ошондой эле Россияда жашап жана эмгектенип жатышкан мекендештер жөнүндө маселелер көтөрүлөт.

Мамлекеттик сапардын жыйынтыгы боюнча аскерий, экономикалык жана укук коргоо чөйрөлөрү, регионалдык кызматташтык жана тышкы саясатта өз ара аракеттенишүү боюнча 15ке чукул документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0