Аликбек Жекшенкулов Россиядагы элчи кызматына көрсөтүлүүдө

© Sputnik / Исмаил МамытовМурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов. Архив
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшенкулов өзү бул маселе боюнча комментарий берген жок.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Россиядагы элчи кызматына көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен маалымдашты.

Эми Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Жекшенкуловдун талапкерлигин аталган кызматка карайт.

Жекшенкулов өзү бул маселе боюнча комментарий берген жок.

"Бардыгын экинчи күнү билесиңер", — деди ал.

Аликбек Жекшенкулов буга чейин Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп иштеген. Ал эми 2005-2007-жылдары Тышкы иштер министрлигин башкарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0