Прокуратура манданттан баш тарткан Музаффар Исаковду 12 жылга кесүүнү сурады

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаков
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик айыптоочу экс-депутатты сот залынан эле кармап, мүлкүн конфискациялоо сунушун киргизген.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Сузак райондук сотунда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаковдун иши боюнча процесс өткөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Башкы прокуратура билдирди.

Депутат Аскарбек Шадиев - Sputnik Кыргызстан
Аскарбек Шадиев он жылга кесилди
Сот 26-декабрда өткөн. Мамлекеттик айыптоочу экс-депутатты сот залынан эле кармап, күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыратуу менен мүлкүн конфискациялоону сураган.

Исаковго 2017-жылдын февралында "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура Исаковго Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүндө иштеп жаткан учурунда (2010-2015-жылдар) 315 токтомду мыйзамсыз чыгарган деп айып тагууда.

2018-жылдын 24-декабрында Исаков мандатын тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0