Аида Касымалиева вице-спикер болду

© Фото / Алишер АлиевЖогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Асел Кодуранованын ордуна келди.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева жашыруун добуш берүү менен вице-спикерликке шайланды. Аны колдоп 91 депутат добуш берип, 16 депутат каршы болду. Бир бюллетень жараксыз деп табылды.

Өткөн жумада Жогорку Кеңеш Асел Кодуранованы вице-спикерликтен чакыртып алган. Мындай демилге менен КСДП фракциясы чыгып, депутаттардын колдоосуна ээ болгон.

Ошондой эле аталган фракция вице-спикерликке Касымалиеванын талапкерлигин жактырган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0