БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеш КСДП фракциясынын Асел Кодуранованы вице-спикерлик кызмат ордунан чакыртып алуу өтүнүчүн канааттандырды.
Фракциянын бул сунушун жыйынга катышып жаткан 111 депутаттын 92си колдоп берди. Ал эми калган 19у каршы добуш берди.
Буга чейин, 14-декабрда, КСДП фракциясы кезексиз жыйынга чогулуп Асел Кодуранованы вице-спикерликтен алып, анын ордуна депутат Аида Касымалиеванын талапкерлигин колдоп берген.