Райым Матраимов менен өкмөттүн соту кийинкиге жылды

© AFP / DAMIEN MEYER Статуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции
Статуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сотко Райым Матраимовдун өкүлү Татьяна Каражинская катышкан. Ал эми өкмөт менен Бажы кызматынан эч ким келген эмес.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун өкмөткө койгон доосунун негизиндеги сот отуруму 10-майга жылды.

Ишти Биринчи Май райондук соту карап, ага Алмаз Калыбаев судьялык кылды.

Эркек адамдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элесиң турат, өзүң жок... Табышмактуу Райымбек Матраимов тууралуу 5 факты
Сотко Райым Матраимовдун өкүлү Татьяна Каражинская катышкан. Ал эми өкмөт менен Бажы кызматынан эч ким келген эмес.

Кийинки отурум 10-майда саат 9.00дө болмокчу.

Эскерте кетсек, Райым Матраимов 2015-2017-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Өткөн жылдын 23-ноябрында премьер-министр Сапар Исаков "ишенимден чыкты" деген жүйө менен аны кызматтан алган

Матраимов "негизсиз иштен алынганын" айтып, Исаков башында турган өкмөттү сотко берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0