УКМК жетекчисинин экс-орун басары Болот Сүйүмбаев Финполдун башына барды

© Sputnik / Табылды КадырбековНазначение на государственные должности
Назначение на государственные должности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган кызматта Замирбек Осмонов иштеп келген

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагалыгына дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Сүйүмбаев УКМК жетекчисинин орун басары болуп иштеп, 7-апрелде өз ыктыяры менен арыз жазып жумуштан кеткен.

Премьер-министрдин дагы бир буйругу менен Финполду жетекчиси Замирбек Осмонов кызматынан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0