БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору Болот Сүйүмбаевди кызматтан алуу боюнча буйрукка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Анда Сүйүмбаев жумуштан кетүү боюнча өз ыктыяры менен арыз жазганы айтылат. Аталган кызмат УКМК төрагасынын орун басары рангында.
Эскерте кетсек, буга чейин президент өз Жарлыгы менен УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди, 4-апрелде төраганын орун басары рангындагы 9-бөлүмдүн жетекчиси Дамир Мусакеевди кызматынан бошоткон.