Кыргызстандын тышкы иштер министри казак кесиптешине жооп кайтарды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание Совета министров иностранных дел СНГ в узком составе
Заседание Совета министров иностранных дел СНГ в узком составе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак министри буга чейин КР президентинин айткандары боюнча саясатчынын пикирин колдой турганын билдирген

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев казак кесиптеши Кайрат Абдрахманов Алмазбек Атамбаев тууралуу айтып жатып, өзүнө-өзү каршы келген пикирлерди айтканын билдирди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

16-ноябрда Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов Кыргызстандын президентинин айткандары саясий маданияттуулукка жатпайт деп билдирген саясатчынын пикири менен макул экенин айткан

"Кесиптешим, Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов өз билдирүүсүндө өзүнө каршы келген ойлорду айтты. Эгер ал билдирүүсүндө "дипломат жана Казакстандын тышкы иштер министри катары башка мамлекет башчысынын айткандарына баа берүүгө укугум жок" деп койгондо маселеге чекит коюлмак. Белгилүү саясатчы болсо дагы анын пикирин кубаттоо менен ал саясий маданияттуулукка жатпаган кадам жасады. Андыктан ал өзүнө-өзү каршы чыгууда", — деп Абдылдаев белгилеген.

Кечирим сурап чөгөлөбөйм! Атамбаев агынан жарылды - Sputnik Кыргызстан
Кечирим сурап чөгөлөбөйм! Атамбаев агынан жарылды
Эске салсак, 15-ноябрда Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев казак бийлигинин кежирлигинен Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктен бир айдай ажырап калганын айткан. Ал ошондой эле биримдикке кирген мамлекеттердин башчылары менен Евразиялык экономикалык комитеттин унчукпай жатышы биримдиктин аброюна шек келтирип жатканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0