Атамбаевдин Өзбекстанга болгон иш сапары учурунда кол коюлган документтер. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКырыгзстан президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда
Кырыгзстан президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапары эки күнгө созулат

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапары учурунда 13 документке кол коюлду.

КР президентинин 5-октябрда башталган иш сапары 6-октябрда аяктайт. Биринчи күнү Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев тар жана кеңири курамда жолугушту.

Анын жыйынтыгында кол коюлган документтердин тизмеси:

  • Маалымат алмашуу жана кызматташуу боюнча меморандум;
  • Баткен жана Фергана шаарларынын ортосунда соода-экономика жана маданий гуманитардык чөйрө жөнүндө макулдашуу;
  • Жалал-Абад жана Наманган шаарларынын ортосунда соода-экономика жана маданий гуманитардык чөйрө жөнүндө макулдашуу;
  • Дин иштери боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Экономикалык жана финанасылык кылмыштар менен күрөшүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Статистика жаатында кызматташуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
  • Баңгизат каражаттарын психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Туризм чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу;
  • Куралдуу күчтөр ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Транспорт жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо жөнүндө грамоталарды алмашуу тууралуу протокол;
  • Минералдык жер семирткичтерди жеткирүүдө узак мөөнөттүү кызматташуу боюнча өкмөт аралык макулдашуу;

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достукту, ынак коңшулук жана ишенимди бекемдөө боюнча декларация.

Жаңылыктар түрмөгү
0