Жээнбековдун ээрдеги экинчи жазы. Бир жылда эмнеге жетип, эмнеден уттурду

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаседание Совета глав правительств стран СНГ в Бишкеке
Заседание Совета глав правительств стран СНГ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сооронбай Жээнбековдун өкмөт башчы болгонуна бүгүн туура бир жыл толду. Бул убакыт аралыгындагы жетишкендиктери жана эмнелерге көңүл буруу керектигине Sputnik Кыргызстан агенттиги саресеп салып көрдү.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков премьер болуп дайындалганына бүгүн бир жыл толду. Ал 2016-жылы 13-апрелде дал ушул мамлекеттик чоң кызматка дайындалып, тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Ага чейинки премьер-министр Темир Сариев Балыкчы — Корумду жолун куруу боюнча тендер чырынан улам кызматтан кеткен.

Sputnik Кыргызстан Жээнбеков бир жыл ичинде эмнеси менен эсте калганына кызыгып көрдү. Бардык маалыматтар ачык булактардан алынды. 

Премьер деген ким?

КР премьер-министринин укуктары көп. Ал экономиканы, социалдык тармакты көзөмөлдөп, мамлекеттин эгемендүүлүгүн коргоодо бир катар аракеттерди көрөт. Андан сырткары бир нече тармактар анын мойнунда. Өкмөт башчыга министрлер, мамлекеттик кызматтардын, агенттиктердин жергиликтүү бийликтин жетекчилери баш ийет. Ошентсе да президентке караганда премьер-министрди алмаштыруу оңой болгондуктан өкмөт башчылары тез-тезден эле алмашып турат. Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери эле 30дай премьер-министр алмашкан. Орто эсеп менен алганда ар бир премьер 11 ай иштейт. Андыктан Жээнбеков бир жылдык мөөнөттү толук иштеген премьерлердин катарын толуктайт.

Кадрдык саясат

Заседание депутатов Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Эркектер менен теңата тизгин кармаган аялдар эл башкара алабы?
Бир жыл ичинде Жээнбеков көптөгөн кызматчыларын иштен алды. Алардын эң көбү Ички иштер министрлигинде болду. Бир жыл ичинде эле үч министр келди: Мелис Турганбаев, Кашкар Жунушалиев жана Улан Исраилов. Ал эми Жээнбеков экинчи ирет өкмөт башчы болду

Анткени 2016-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясы бузулган. Өкмөттүк курам алмашканы менен жетекчиси ордунда калган. Өкмөттүн курамы тууралуу кененирээк бул жактан окуңуздар

Экономика

Өкмөт башчынын ишинин негизги көрсөткүчү — экономикадагы жетишкендиктер экени белгилүү.

Адатта бийлик бир жылдын же жарым жылдыктын отчетун берери бышык. Бирок редакция Экономика министрлигинин маалыматтарына таянып, бир жыл ичиндеги (2016-жылдын апрелинен 2017-жылдын апрелине чейин) ИДПнын көлөмүн эсептеп чыкты. Ал 465,3 миллиард сомду түздү. Бул көрсөткүч 2015-жылдын апрель айынан 2016-жылдын март айына чейин 423 миллиард сом болгон. Башкача айтканда, ИДП 10 пайызга өстү. Бирок, бул көрсөткүч Экономика министрлигинин маалыматынын негизинде аныкталганын айта кетишибиз керек. Ошондой эле 2016-жылдын биринчи үч айлыгында экономика солгундап, 2015-жылдын биринчи кварталындагыдан 4,9 пайызга кемигенин унутпашыбыз зарыл.

Заседание Комитета по конституционному законодательству, государственному устройству, судебно-правовым вопросам и Регламенту ЖК КР - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жээнбеков: эки жылдан кийин Кыргызстан транзиттик өлкөгө айланат
Кыргызстан Евразия экономикалык бирикмесине киргенине 1,5 жыл болду. Ага кирүүдөгү негизги максаттардын бири — жаңы рынокту ачуу болгон. Бирок, ал үчүн лабораториялар, ветеринардык борборлор, малды идентификациялоо сыяктуу нерселер зарыл болчу. Буларды ишке ашыруу үчүн Россия 200 миллион доллар, Казакстан 100 миллион доллар бөлүүнү убада кылган.

Аталган иштердин көбүнө Россиянын бөлгөн каражаттары жумшалды. Мисалы, төрт көзөмөл өткөрүү жайы, жети ветеринардык көзөмөл-өткөрүү жайы жаңыланды. 13 фитосанитардык жана бир ветеринардык лаборатория курулду. Калган өткөрүү пункттарын жылдын аягына чейин куруп бүтүү каралган.

Ал эми Казакстан убада кылган 100 миллионду бере элек. Иш ордунан жылып, 41 миллион долларды бөлүү боюнча протоколго бир ай мурда кол коюлган.

Бирок ушул убакка чейин чек арадагы ветеринардык көзөмөл алына элек. Ошол себептүү өлкө бийлиги ишеним арткан эт жана сүт азыктары ЕАЭБдин рыногуна чыкпай жатат.

Болгону 19 гана ишканага өз продукциясын Россияга алып барууга уруксат берилген. 

Жогорку даражалуу меймандарды кабыл алуу жана Азербайжандын нааразычылыгы

Премьер-министр өлкө ичиндеги маселелерди чечүү менен чектелбейт. Бишкекте КМШ жана ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жолугушуулары өтүп, аларга Жээнбеков төрагалык кылган. Меймандарды тосуп тим болбой, чет жактарга да чыккан. Алсак, Тажикстанда CASA-1000 долбоорунун башталышына барса, Самаркандда Кыргызстандын атынан Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримовдун тажыясына катышкан. Бирок бир сапарынын жыйынтыгы Азербайжан мамлекетин нааразы кылганы менен тарыхта калды. Март айында Пакистанда Экономикалык кызматташуу уюмунун 13-саммитине катышып жаткан Жээнбеков жыйынтыктоочу документтин саясий пункттарына кошулбай койгон. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты
Похоронная процессия президента Узбекистана Ислама Каримова - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

Мында мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү жана эгемендүүлүгү, эл аралык укук принциптеринин негизинде чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү каралган. Кыргызстандын мындай кадамы Азербайжанга жакпай, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түшүндүрмө берген жайы бар.

Жээнбековдун өкмөтүнүн иши тууралуу Жогорку Кеңеш алдындагы отчетунан кененирээк билүүгө болот. Депутаттар өкмөттүн жасаган иши тууралуу очтетту салтка айлангандай жаздын аягы менен угат.

Жаңылыктар түрмөгү
0