00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Шанс или испытание: что даст КР Кубок Азии U-23?
12:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Альтернативдик кызмат кимдер үчүн? Жол-жобо, шарт жана баа маселеси
13:08
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Первобытно-общинный строй как начало социализации — беседа о социуме
14:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Турак жайды камсыздандыруунун кенемтесин төлөөдө талаптар жеңилдейби?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как сохранить здоровые зубы у детей: что нужно знать родителям
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Манасчыларды, төкмө акындарды, Улуу Ата мекендик согуш баатырларын даңазалаган. Үмөталиевди эскерүү
17:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Айпери, Акжол, Эрназар килемге чыгат — Бишкекте 4-ирет күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Почему в Кыргызстане хотят усложнить создание ТСЖ
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Турак жайды камсыздандыруунун кенемтесин төлөөдө талаптар жеңилдейби?
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
2025-жылдын жыйынтыгы менен Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө казынасына 1 млрд 167 млн 399 миң 800 сом чегерилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. 2024-жылы бул көрсөткүч 398 млн 886 миң сомду, ал эми 2023-жылы 99 млн 200 миң сомду түзгөн. Президенттин коррупцияга каршы аёсуз күрөш жүргүзүү тапшырмасына ылайык, транспорт министри Абсаттар Сыргабаев тез арада өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарда (ТКП) жана мобилдик топтордо иштеген кызматкерлерди боди-камералар менен камсыз кылууну тапшырды. Натыйжада инспекторлорго бекитилген боди-камералар аркылуу бардык кыймыл аракеттер Департамент тарабынан түз көзөмөлдөнөт. Кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоого, мыйзамдуулукту бекемдөөгө, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоого жана кызматтык иштин сапатын жогорулатууга багытталган система буга чейин айрым укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндө оң натыйжасын бергени маалым.
Бишкек шаарындагы карды тазалоо үчүн 105 даана техника колдонулуп, "Тазалык" муниципалдык кызматынын жумушчулары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Мэр Айбек Жунушалиев шаар аймагын кыдырып, учурдагы абал менен таанышкан. "Шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору үчүн көчөлөр таза жана коопсуз болушу керек. Бардык кызматтар үзгүлтүксүз иштеши зарыл", – деген ал. Шаар мэриясы жашоочуларды жолдо этият болууга жана коммуналдык кызматтардын ишине түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.
Бишкектин №87 орто мектебинде сабак учурунда окуучуну урган мугалим иштен алынды. Бул тууралуу мэриядын билдиришти. Маалыматка караганда окуя боюнча атайын комиссия иштеп, алар педагогикалык кесиптик этиканын нормалары бузулган деген тыянакка келишкен."Аныкталган мыйзам бузуулар жашы жете элек окуучунун укуктарына шек келтирген. Мындай көрүнүштөргө жол берилбейт. Жыйынтыгында мектеп директоруна карата тартиптик жаза колдонулуп, мугалим иштен алынды", — деп айтылат маалыматта.Белгилей кетсек, окуя тууралуу видео бүгүн социалдык тармактарда тараган. Кийин Свердлов РИИБи ишти териштирип жатканын маалымдаган. Мугалимдин кечирим сураган видеосу да чыккан болчу.
Батыш коалициясынын ичиндеги мамилелер курчуп, айрым НАТО мүчөлөрү Украина боюнча тынчтыкты жөнгө салуу процессин бөгөттөп жаткан шартта Франциянын Түндүк Атлантика альянсынан чыгып кетүүсүнө реалдуу мүмкүнчүлүк пайда болууда. Бул тууралуу Berliner Zeitung басылмасына шилтеме жасап РИА Новсти жазды. Макалада белгиленгендей, Францияда алгач ирет парламентке НАТОдон чыгууга чакырган мыйзам долбоор киргизилди. “Көптөн бери ишке ашпаган саясий кыял катары каралып келген нерсе күтүүсүздөн реалдуу мүмкүнчүлүккө айланды”, — деп жазат басылма. Долбоордун демилгечиси, депутат Клеманс Геттенин айтымында, мындай кадам АКШнын ачык империялык саясатка кайтуу тууралуу чечимине байланыштуу зарыл болуп жатат. Ошондой эле макалада Париждин НАТОдон чыгышы Францияга Украина боюнча тынчтык жараянын өз алдынча аныктоого мүмкүнчүлүк берери айтылат. Азыркы тапта бул процесс альянстын айрым мүчөлөрүнүн ачык антироссиялык позициясынан улам жай жүрүп жатат. “Батыш лагери жана анын “менменсинген көз караштары” менен ажырымга баруу, көз карандысыз позицияны тандоо Франциянын таасирин күчөтүп, тынчтык аракеттерин бекемдейт”, — деп жыйынтыкталат макала.
Жаңылыктар түрмөгү
0