https://sputnik.kg/20260117/1099194937.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев облустук соттордун жана Бишкек шаардык сотунун төрагалары, ошондой эле Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын... 17.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-17T15:00+0600
2026-01-17T15:00+0600
2026-01-17T15:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/11/1099194771_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4bf4b360ffc203da8759e655bcec56f3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев облустук соттордун жана Бишкек шаардык сотунун төрагалары, ошондой эле Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын жетекчилери менен кеңейтилген жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде Медербек Сатыев соттордун техникалык абалы жана отурумдарды аудио-видеого милдеттүү жаздыруу талабына судьялардын даярдыгын текшерди. Катышуучулар мыйзамдагы бул өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу боюнча сунуштарын беришти. Бул чаралар сот адилеттигинин ачыктыгын камсыздоо үчүн келечекте отурумдарды онлайн көрсөтүүгө жол ачат. Бишкектеги пилоттук долбоордон кийин, учурда бул тажрыйбаны аймактарга жайылтуу маселеси иштелип жатат. Кеңешмеде соттордогу курулуш иштери талкууланып, Сот департаментине объектилерди тез арада баланска алуу тапшырылды. Тапшырмаларды кечиктирген айрым аймактык башкармалыктарга карата кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Кеңешмеде апелляциялык соттордун ишин жакшыртуу маселеси каралды. Быйыл Жогорку соттун судьялары жардам берүүнүн жаңы форматына өтүп, соттук практиканы жалпылоону күчөтөт. Ошондой эле отчётторду берүү мөөнөтүн кыскартуу талабы коюлду.
Ошто дарыгерлер эки жашар бөбөктүн ичегисинен 17 даана магнит шарын алышты. Бул тууралуу Облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынан маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, бала үч күн бою улам-улам кусуп жаткандыгына байланыштуу аны райондук ооруканага алып келишкен. Рентген менен текшеришкенде ичегисинен тизилген бир нече бөтөн зат аныкталган.Облустук ооруканага жеткирилгенден кийин хирургдар бейтапка шашылыш операция жасап, андагы 17 даана магнит толугу менен алынган. Учурда бөбөктүн абалы туруктуу, тиешелүү дарылоо жана көзөмөл жүргүзүлүп жатат.“Магниттикоюнчуктар балдар үчүн өтө кооптуу. Бир нече магнит жутулганда, алар ичегиде бири-бирине тартылып, оор кесепеттерге жана операцияга чейин алып келиши мүмкүн. Майда бөлүктөрү бар, магнити бар оюнчуктарды балдардын колуна бербеңиздер жана оюн учурунда көзөмөлсүз калтырбаңыздар”, — деп жазылган маалыматта.
Бишкекте жигит сүйлөшкөн кызын муунтуп өлтүрүүгө аракет кылган, бирок кыз качып кутулган. Милиция аны өз жанын кыюуга аракет кылып жаткан учурда кармаганын Sputnikагенттигине маалымат булактар кабарлады. Ага ылайык, окуя 15-январда болгон. Жигит менен кыздын ортосунда уруш чыгып, жигит кызды шаардын сыртына алып чыккан. Маалыматты Свердлов РИИБ тастыктап, мекеменин маалымат кызматы киши Жумабек көчөсүндө кызды күч менен унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып кетип, өлтүрүүгө аракет кылганын билдирди. Факт боюнча “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 23 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Министрлер кабинети 14-январда чакан жана орто бизнеске, анын ичинде тигүүчүлөргө жеңилдетилген насыяларды берүү программасын кабыл алды. Бул тууралуу экономика министри Бакыт Сыдыков парламентте билдирди. Анын айтымында, насыялык портфелдин көлөмү 3-3,6 миллиард сомду түзөт, анын 300 миллион сому субсидиялоого багытталат. "Ишкерлер 6 пайыз менен беш жылга чейин жеңилдетилген насыя ала алышат. Тигүүчүлөр үчүн жеңилдетилген мөөнөт дагы жарым жылга узартылат. Алар мурда алган насыяларын кайра каржылоого, башкача айтканда, эски насыяларын ушул сунушталган насыяга алмаштырууга да мүмкүнчүлүк алышат", — деп түшүндүрдү министр парламентте.
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев облустук соттордун жана Бишкек шаардык сотунун төрагалары, ошондой эле Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын жетекчилери менен кеңейтилген жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде Медербек Сатыев соттордун техникалык абалы жана отурумдарды аудио-видеого милдеттүү жаздыруу талабына судьялардын даярдыгын текшерди. Катышуучулар мыйзамдагы бул өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу боюнча сунуштарын беришти. Бул чаралар сот адилеттигинин ачыктыгын камсыздоо үчүн келечекте отурумдарды онлайн көрсөтүүгө жол ачат. Бишкектеги пилоттук долбоордон кийин, учурда бул тажрыйбаны аймактарга жайылтуу маселеси иштелип жатат. Кеңешмеде соттордогу курулуш иштери талкууланып, Сот департаментине объектилерди тез арада баланска алуу тапшырылды. Тапшырмаларды кечиктирген айрым аймактык башкармалыктарга карата кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Кеңешмеде апелляциялык соттордун ишин жакшыртуу маселеси каралды. Быйыл Жогорку соттун судьялары жардам берүүнүн жаңы форматына өтүп, соттук практиканы жалпылоону күчөтөт. Ошондой эле отчётторду берүү мөөнөтүн кыскартуу талабы коюлду. Ошто дарыгерлер эки жашар бөбөктүн ичегисинен 17 даана магнит шарын алышты. Бул тууралуу Облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынан маалымдашты. Билдирүүгө ылайык, бала үч күн бою улам-улам кусуп жаткандыгына байланыштуу аны райондук ооруканага алып келишкен. Рентген менен текшеришкенде ичегисинен тизилген бир нече бөтөн зат аныкталган.Облустук ооруканага жеткирилгенден кийин хирургдар бейтапка шашылыш операция жасап, андагы 17 даана магнит толугу менен алынган. Учурда бөбөктүн абалы туруктуу, тиешелүү дарылоо жана көзөмөл жүргүзүлүп жатат.“Магниттикоюнчуктар балдар үчүн өтө кооптуу. Бир нече магнит жутулганда, алар ичегиде бири-бирине тартылып, оор кесепеттерге жана операцияга чейин алып келиши мүмкүн. Майда бөлүктөрү бар, магнити бар оюнчуктарды балдардын колуна бербеңиздер жана оюн учурунда көзөмөлсүз калтырбаңыздар”, — деп жазылган маалыматта.Бишкекте жигит сүйлөшкөн кызын муунтуп өлтүрүүгө аракет кылган, бирок кыз качып кутулган. Милиция аны өз жанын кыюуга аракет кылып жаткан учурда кармаганын Sputnikагенттигине маалымат булактар кабарлады. Ага ылайык, окуя 15-январда болгон. Жигит менен кыздын ортосунда уруш чыгып, жигит кызды шаардын сыртына алып чыккан. Маалыматты Свердлов РИИБ тастыктап, мекеменин маалымат кызматы киши Жумабек көчөсүндө кызды күч менен унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып кетип, өлтүрүүгө аракет кылганын билдирди. Факт боюнча “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 23 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Министрлер кабинети 14-январда чакан жана орто бизнеске, анын ичинде тигүүчүлөргө жеңилдетилген насыяларды берүү программасын кабыл алды. Бул тууралуу экономика министри Бакыт Сыдыков парламентте билдирди. Анын айтымында, насыялык портфелдин көлөмү 3-3,6 миллиард сомду түзөт, анын 300 миллион сому субсидиялоого багытталат. "Ишкерлер 6 пайыз менен беш жылга чейин жеңилдетилген насыя ала алышат. Тигүүчүлөр үчүн жеңилдетилген мөөнөт дагы жарым жылга узартылат. Алар мурда алган насыяларын кайра каржылоого, башкача айтканда, эски насыяларын ушул сунушталган насыяга алмаштырууга да мүмкүнчүлүк алышат", — деп түшүндүрдү министр парламентте.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/11/1099194771_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6d0d5c22df421e906e9a3650d2b92027.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио