00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Алиментщиков предлагают устраивать на работу и арестовывать за неуплату: беседа о новом законопроекте
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйылкы кыштагы кар жана кундүн табы жазга кандай таасир берет?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как попасть на фестиваль инноваций ШОС и представить свой стартап
12:05
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Айыл чарбасында санариптештирүү саясаты кандай жүрүүдө — онлайн кызматтар, Агро-портал, IT-инфратүзүм
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Украинский конфликт: причины, организаторы и риски для Центральной Азии
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйылкы кыштагы кар жана кундүн табы жазга кандай таасир берет?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Алик Акималиев — оор тагдыр, өзгөчө мүнөз жана поэзиядагы жалгыз жол
17:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
18:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кыргызстан кёрлинг боюнча Борбор Азияда алдыңкы орунда
19:06
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Тесты, мастер-классы и работодатели: зачем идти в КРСУ в эту субботу
20:07
24 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
20:31
26 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйылкы кыштагы кар жана кундүн табы жазга кандай таасир берет?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бүгүн "Ала-Тоо" депутаттык тобу жеңил өнөр жай тармагындагы, жумуш менен камсыз кылуу жана экономикалык кырдаал боюнча учурдагы абал тууралуу маалымат укту. Парламенттен билдиришкендей, жыйынга тигүү тармагынын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Тигүүчүлөр Wildberries менен иштөөдөгү тоскоолдуктардан жана сертификациянын жоктугунан 3 миңден ашык цех жабылып, миңдеген адамдар жумушсуз калганын билдиришти. Алар мамлекеттен өндүрүшчүлөрдү колдоону суранышууда. Депутат Жумабек Салымбеков тигүү тармагындагы төмөндөө боюнча министрликтен кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты. Экономика министри Бакыт Сыдыков учурда Wildberries маркетплейси менен кызматташуу маселелери каралып жатканын билдирди. Андан тышкары, депутат Сеидбек Атамбаев тигүү тармагына Бангладеш, Пакистан жана Өзбекстандан чет элдик адистерди тартуунун механизмдерине жана шарттарына көңүл бурду. Депутат Талайбек Масабиров логистикалык борбор куруу жана тигүү ишканаларына жеңилдетилген кредиттерди берүү маселесин карап чыгууну сунуштады. Министр Бакыт Сыдыков Wildberries логистикалык борбору 2028-жылга чейин курулуп, пайдаланууга берилерин билдирди.
Тамак-аш баасын атайылап кымбаттаткан жайларга 3 миңден 13 миң сомго чейин айып салынат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Муратбек Иманкулов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, КР Укук бузуулар кодексинин соода эрежелерин бузуу боюнча 286-беренесине ылайык, жеке жактарга 3 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат. “Тамак-аш баасын кымбаттатуу жаатында мыйзам бузуулар катталса, биринчи кезекте түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Андан кийин кафе-ресторандын ээлерине, администраторлоруна эскертүү берилет. Мында бир мөөнөт коюлуп, токтомду аткаруу менен мыйзам бузбоо зарылдыгы маалымдалат. Эгер мыйзам бузуулар болсо, Укук бузуулар кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, жоопкерчиликке тартыла тургандыгы эскертилет. Эскертүү берилгенден кийин талаптар аткарылбай, дагы мыйзам бузуулар аныкталса, жазма буйрук берилет. Андан кийин анын аткарылышын күтөбүз. Эгер анда да иш аткарылбаса, КР Укук бузуулар кодексинин беренелерине ылайык, айып пул салабыз”,- деди Иманкулов.
Ирандагы окуялар түстүү ыңкылаптардын кезектеги мисалы экенин Россиянын БУУдагы атайын өкүлү Василий Небензя айтты."Иранда болуп жаткан окуялар — сыналган түстүү ыңкылаптардын уюштурулушунун кезектеги мисалы. Үйрөтүлгөн, куралданган атайын чагымчылар тынчтык акцияларын талап-тоноочулукка, агрессияга, коомдук мүлктү жок кылууга жана тартип сакчыларын өлтүргөн кандуу кагылышка айландырат", — деди Небензя БУУнун Коопсуздук кеңешинин Иранга арналган отурумунда.Ирандагы жапырт нааразылык 2025-жылдын декабрында улуттук валюта риалдын девальвациясынан кийин башталып, башаламандыкка чейин өсүп кеткен. 1979-жылы тактан кулатылган Иран шахынын уулу Реза Пехлевинин чакырыгынан соң өлкөдө каршылык акциялары күчөгөн. Эки тараптан тең өлгөн адамдардын саны жарым миңге чукулдап барганы кабарланды. Расмий Тегеран саясий олку-солкулукка АКШ менен Израиль катышканын билдирип, 12-январда кырдаал жөнгө салынганын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0