00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
08:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Борбор Азияда суу маселеси кандай чечилиши керек — компенсация, стратегиялык программа
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кыргызстан в санкционном списке ЕС: что это значит для банков, бизнеса и репутации страны
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан электрондук билериктерди жаңы деңгээлге чыгарат: заманбап көзөмөл механизми кылмыш-жаза системасына кандай натыйжа берүүдө?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как странам ЦА сотрудничать с Китаем и не потерять самостоятельность
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Бажы тармагындагы санариптештирүү процесси товарларды киргизүүдө системаны бир кыйла жакшыртты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын долбоорлорду ишке ашыруу жана соода жол-жобосун жөнөкөйлөтүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Курманбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, санариптештирүү жаатында "Смарт Бажы" маалыматтык системасын киргизүү каралууда. Ал система кандай процесстерди камтый турганын да кенен түшүндүрүп берди. Курманбековдун айтымында, Бажы кызматы негизинен өткөрмө пунктуларынан башталып, келген товарларды тыкыр кароо жана башка процесстерди ишке ашыруу, декларациялоо, бажы тариздөөчү жерлерге жеткирүү каралган."Өткөрмө пунктуна келе жаткан товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу алдын ала маалымат берилет. Бул портал да жаңыланды. Мында кирип келе жаткан товарды өткөрүүдө, көзөмөлдөөчү пунктуларга отурган контролдоочу органдарга да маалымат берилет. Анын жардамы менен келген товарларды тариздөө процесси кыйла жеңил жана тезирээк өтөт. Ушул система аркылуу бул маалымат башка мамлекеттик органдарга да берилет. Аларга өзүнчө маалымат даярдоонун кажети жок болуп калды. Ошол эле маалымат декларацияга да айланып кетет. Кароо, тыкыр кароо процесстери системада катталат. Өткөрүү пунктунан өтүп келе жаткан унаалар камера аркылуу каттоого алынат. Мунун баары — "Смарт Бажы" системасынын бир бөлүгү", — деди Курманбеков. Ал транзиттик декларациялар кайсы товар кандай жол менен кирип жатканын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.
Алдыңкы жылдары кезекте турган мамлекеттик жана жеке медиаларда иштеген 50дөй журналист Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батирлүү болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Sputnik маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бул турак жайга муктаж адистерди социалдык жактан колдоонун маанилүү кадамы болуп саналат. Дайырбек Орунбеков белгилегендей, тизмеде көп жылдан бери үйү жок, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жалгыз бой кызматкерлер жана көзү өтүп кеткен журналисттин артында калган үй-бүлөлөрү бар. "Президент маалыматтык саясатты мамлекеттин коопсуздугу жана туруктуулугу менен түз байланышкан тармак катары карайт. Ал социалдык тармактардагы коомдук талкууларды, резонанстуу окуяларды тыкыр көзөмөлдөп, маалымат мейкиндигиндеги процесстерге жеке өзү дагы көңүл бурат. Дал ушул саясий эрк болбосо, мындай масштабдагы инфраструктуралык жана системалуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу мүмкүн эмес эле", - деди Орунбеков.
Россиянын президенти Владимир Путин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кремлдин маалымат кызматы билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Ирандын президенти өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн өлкө бийлиги кандай чараларды көрүп жатканы тууралуу маалымат берген. "Эки өлкө Ирандагы жана жалпы аймактагы чыңалууну мүмкүн болушунча тезирээк басаңдатууну көздөйт. Маселени саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө умтулган орток позицияны карманышат", — деп айтылат билдирүүдө. Тараптар Россия-Иран ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин билдиришип, экономикалык долбоорлорду чогуу ишке ашырууга даяр экенин ырасташкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0