https://sputnik.kg/20260116/1099188541.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети үлпөт, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Анда документ жамандык-жакшылыктарды... 16.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-16T19:00+0600
2026-01-16T19:00+0600
2026-01-16T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/10/1099188375_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a45f89fb5dada565743774ff8ea9daa4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети үлпөт, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Анда документ жамандык-жакшылыктарды өткөрүүнү тартипке келтирип, ысырапкерчиликке жол бербөөнү көздөй турганы айтылган. салтанаттар жаштар менен ата-энелердин материалдык мүмкүнчүлүгүнө жараша уюштурулуп, карыз же насыя алууга жол берилбейт. Конокторду 200 адамдан ашырбоо, тойду бир күндө өткөрүү, кошумча этаптарды жана чыгымдуу иш-чараларды уюштурбоо, ашыкча тамак-аш даярдоого жол бербөө, бир бодо союу менен чектелүү сунушталат; уятсыз, орой тамашалар, байлыкты демонстрациялоо жана атаандаштык, үчтөн ашык унаадан турган кортеж, фейерверк жана ашыкча шоу-программаларга тыюу салынат; кымбат белектерге мажбурлоо, "кийит кийгизүү", "себет берүү", "түштөнтүү" сыяктуу ысырапкерчилик салттарга жол берилбейт; сөөк коюла турган күнү мал союлбайт, катышуучулардын саны чектелбейт; жылдык өткөрүү милдеттүү эмес, ыктыярдуу болот. Кийинки эскерүүлөрдө майда жандык же бир бодо союуга уруксат. Жөнөкөй дасторкон даярдалып, жакын туугандар гана чакырылышы шарт.
Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз күбөлүктөр күчүн жоготот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр толук алмаштырылып бүткөндөн кийин жараксыз деп табылат. Эскерте кетсек, жарандар эски күбөлүктөрүн 15-январдан 15-февралга чейин акысыз алмаштырса болот. Эгер ал убакта жетишпей калгандар болсо кошумча убакыт берилери кошумчаланды. Белгилей кетсек, дүйшөмбүдөн тарта жарандар үйдөн чыкпай эле онлайн форматта айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Кыргызстанга келген инвесторлор 300-400 миң доллар инвестиция сала турган болсо, биз аларга 20-30 жылдык виза берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев радиолордун биринде түз эфирде билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда дүйнөдө түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 1,2 трлн АКШ долларына бааланып, Кыргызстан бул ири рыноктон өз үлүшүн алууну максат кылууда. “Эгер мурда инвесторлорго негизги сунуш жер тилкелери менен чектелсе, бүгүнкү күндө мамлекет жеңилдиктер топтомун ишке киргизип жатат. Бажы төлөмдөрүнөн бошотуу, бир нече түрдөгү салыктардан узак мөөнөткө жеңилдик берүү ири, улуттук жана стратегиялык долбоорлор үчүн олуттуу дем берет. Айрыкча, жеңилдиктердин мөөнөтүн кошумча беш жылга узартуу мүмкүнчүлүгү инвесторлорго туруктуулук жана ишеним берет”, - деди Жээналиев. Белгилей кетсек, өзгөчө көңүл бурулуучу дагы бир багыт венчурдук каржылоону жана стартап экосистемасын өнүктүрүү экендигин маалымдалды.
Министрлер кабинети үлпөт, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарды. Анда документ жамандык-жакшылыктарды өткөрүүнү тартипке келтирип, ысырапкерчиликке жол бербөөнү көздөй турганы айтылган. салтанаттар жаштар менен ата-энелердин материалдык мүмкүнчүлүгүнө жараша уюштурулуп, карыз же насыя алууга жол берилбейт. Конокторду 200 адамдан ашырбоо, тойду бир күндө өткөрүү, кошумча этаптарды жана чыгымдуу иш-чараларды уюштурбоо, ашыкча тамак-аш даярдоого жол бербөө, бир бодо союу менен чектелүү сунушталат; уятсыз, орой тамашалар, байлыкты демонстрациялоо жана атаандаштык, үчтөн ашык унаадан турган кортеж, фейерверк жана ашыкча шоу-программаларга тыюу салынат; кымбат белектерге мажбурлоо, "кийит кийгизүү", "себет берүү", "түштөнтүү" сыяктуу ысырапкерчилик салттарга жол берилбейт; сөөк коюла турган күнү мал союлбайт, катышуучулардын саны чектелбейт; жылдык өткөрүү милдеттүү эмес, ыктыярдуу болот. Кийинки эскерүүлөрдө майда жандык же бир бодо союуга уруксат. Жөнөкөй дасторкон даярдалып, жакын туугандар гана чакырылышы шарт. Эски үлгүдөгү мөөнөтсүз күбөлүктөр күчүн жоготот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр толук алмаштырылып бүткөндөн кийин жараксыз деп табылат. Эскерте кетсек, жарандар эски күбөлүктөрүн 15-январдан 15-февралга чейин акысыз алмаштырса болот. Эгер ал убакта жетишпей калгандар болсо кошумча убакыт берилери кошумчаланды. Белгилей кетсек, дүйшөмбүдөн тарта жарандар үйдөн чыкпай эле онлайн форматта айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.Кыргызстанга келген инвесторлор 300-400 миң доллар инвестиция сала турган болсо, биз аларга 20-30 жылдык виза берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев радиолордун биринде түз эфирде билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда дүйнөдө түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 1,2 трлн АКШ долларына бааланып, Кыргызстан бул ири рыноктон өз үлүшүн алууну максат кылууда. “Эгер мурда инвесторлорго негизги сунуш жер тилкелери менен чектелсе, бүгүнкү күндө мамлекет жеңилдиктер топтомун ишке киргизип жатат. Бажы төлөмдөрүнөн бошотуу, бир нече түрдөгү салыктардан узак мөөнөткө жеңилдик берүү ири, улуттук жана стратегиялык долбоорлор үчүн олуттуу дем берет. Айрыкча, жеңилдиктердин мөөнөтүн кошумча беш жылга узартуу мүмкүнчүлүгү инвесторлорго туруктуулук жана ишеним берет”, - деди Жээналиев. Белгилей кетсек, өзгөчө көңүл бурулуучу дагы бир багыт венчурдук каржылоону жана стартап экосистемасын өнүктүрүү экендигин маалымдалды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/10/1099188375_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c92256033a79fbc25842f4b5c71380dc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио