БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга февраль айынын аягында келерин КР президентинин аппаратынан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.
Буга чейин Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков жакын арада Владимир Путин Борбордук Азияны — Кыргызстан жана Тажикстанды кыдыра турганын билдирген.
КР президент аппаратынан маалымдашкандай, иш сапар учурунда эки тараптуу келишимдер жана долбоорлор талкууланып, мамлекеттер ортосундагы мамиленин келечеги тууралуу да сөз болот. Иш сапар боюнча толук маалымат кийинчерээк маалымдалат.