00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Жара опасна для гипертоников: кардиолог о симптомах, воде и правилах поведения летом
14:09
63 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Театр Боотура» в Бишкеке: якутский эпос, три «Золотые маски» и живой диалог со зрителем
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
18:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кто и как считает климатический ущерб в КР
20:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:10
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргыз-өзбек алакасы: Ош менен Анжиян университети кызматташмай болду

Жазылуу
Өзбекстандан келген делегация ОшМУнун медицина факультети менен таанышты. Конокторду аталган факультетте окуган 26 мамлекеттен келген улуттун өкүлдөрүнөн турган студенттер тосуп алышты.

ОШ, 27-окт. — Sputnik. ОшМУ менен Анжиян мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга ректорлор — Каныбек Исаков менен Икрамжон Юлдашев кол коюшту. Мындай аракет өзбек делегациясынын Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында жасалды.

Чек арадагы тосмо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан: кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу тилкелер такталат
Эскерте кетсек, кечээ, 26-октябрь күнү башында Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адахам Икрамов турган өзбек делегациясы келип, аны кыргыз тарап кучак жая тосуп алган. Бул кыргыз-өзбек мамилесин оң нукка буруу үчүн жасалган экинчи кадам.

Анжиян мамлекеттик университетинин ректору Юлдашев мындан ары тажрыйба алмашуу жана билимди өркүндөтүү жаатында кызматташуу болорун билдирди.

Ал эми биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев ушул жылдын соңуна чейин Бишкек шаарында кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын отуруму өткөрүлө турганын билдирип, анда соода-сатык мамилесин өнүктүрүү жаатында сүйлөшүүлөр болорун айтты.

Абулгазиев кыргыз-өзбек улутунун ортосуна от жаккысы келгендерге мүмкүнчүлүк бербеш керектигин белгиледи. 

"Биз бир тууган элбиз. Кыргыз-өзбек эли кылымдардан бери кыз алышып, кыз беришип куда-сөөк болуп келген. Миң жылдык достугубуз улана берет", — деди ал. 

Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: өзбек эли президенттикке Шавкат Мирзиёевди шайлап аларына үмүт артам
Өзбекстандан келген делегацияга Бабур театрынын артисттери "Манастын уулу Семетей" спектаклинен үзүндү көрсөтүштү. 

Ал эми төкмө акын Идирис Айтибаев кыргыз-өзбек тилинде достукка, ынтымакка үндөп төгүп ырдады. Өзбекстандан келген делегация ОшМУнун медицина факультети менен таанышты. Конокторду аталган факультетте окуган 26 мамлекеттен келген улуттун өкүлдөрүнөн турган студенттер тосуп алышты. Факультеттин аймагында кыргыз күүлөрү чертилип, өзбек тилинде ырлар ырдалды. 

Ал эми индиялык студент кыз-жигиттер "Кыргыз бийин" бийлеп, конокторго өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0