Жогорку сот депутаттардын мандаты боюнча эки башка чыгарган чечимине түшүндүрмө берди

© Sputnik / Табылды КадырбековДело депутатов Эльмиры Джумалиевой и Чолпон Эсенамановой.
Дело депутатов Эльмиры Джумалиевой и Чолпон Эсенамановой. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, Жогорку сот 2015-жылы октябрь айында "Республика – Ата-Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер болгондордун пайдасына чечим кабыл алса, 2016-жылы январь айында "Кыргызстан" партиясынан депутат болгон депутаттарды мандатынан ажыратуу мыйзамдуу болгон деген өкүмүн чыгарган.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Жогорку соту октябрда жана январь айында депутаттарды мандаттан ажыратуу боюнча чыгарган эки башка чечимине түшүндүрмө берди.

"Кыргызстан" фракциясынын дагы бир депутаты мандатынан ажырады
Маалыматка ылайык, "Республика — Ата-Журт" партиясынын өкүлдөрү Аида Исмаилова, Курманкул Зулушев, Жыргалбек Саматов, Алиярбек Абжалиев, Рада Туманбаева, Закира Шарапованы депутаттыкка талапкерлердин катарынан чыгаруу боюнча кабыл алынган чечим менен Чолпон Эсенаманова жана Элмира Жумалиеваны мандатынан ажыратуу боюнча чыгарган. Жогорку соттун чечимдеринин ортосунда чоң айырма бар, экенин аталган соттун маалымат кызматы билдирди.

Октябрь айында КР Жогорку сот "Республика – Ата-Журт" партиясынын депутаттары Аида Исмаилова, Курманкул Зулушев, Жыргалбек Саматов, Алиярбек Абжалиев, Рада Туманбаева, Закира Шарапованы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапкан.

Жогорку сот бул эл өкүлдөрүнүн арызы парламенттик шайлоого чейин, тактап айтканда 2015-жылдын 4-октябрына чейин жазылганын аныктаган. "Республика – Ата-Журт" партиясынын өкүлдөрү дагы депутаттыкка талапкерлер арызды партиянын съезди болгонго чейин жазышканын тастыктаган. Маалым болгондой талапкерлердин тизмеси партиянын съездинде бекитилип, БШКдан талапкер катары катталат, деп айтылат Жогорку сот тараткан билдирүүдө.

Андыктан талапкерлердин арызы "КР президентин жана КР Жогорку Кеңешенин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" мыйзамды бузуу менен кабыл алынгандыктан Жогорку сот БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапкан.

Ал эми Жогорку соттун жарандык иштер боюнча коллегиясы 2016-жылы 21-январда Жогорку Кеңешке "Кыргызстан" партиясынан депутат болуп келген Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиева мөөнөтүнөн мурда мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин туура деп таап, аны күчүндө калтырган.

Мандатынан ажыраган депутаттардын ордуна келген эл өкүлдөрү ант беришти
Жогорку соттун тараткан билдирүүсү боюнча КР Конституциясына ылайык, фракциянын катарынан чыгуу депутаттык милдеттерди да тапшыруу менен коштолот.

2015-жылы 21-декабрда аталган депутаттар "Кыргызстан" фракциясынын лидерине фракциянын катарынан чыгуу тууралуу арызын жазган. 22-декабрда фракция эки депутатты – Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы өз катарынан чыгаруу боюнча чечим кабыл алган. Бул чечимдин негизинде 2016-жылы 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттарды мандатынан ажыраткан.

Мандаттан ажыраган депутаттын жактоочулары жазылган арыздар алар эл өкүлү болуп келгенге чейин жазылганын тастыктап, кат түрүндө далилдеп бере алышкан эмес деп жазылат Жогорку сот тараткан билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0