Алматыда беш ай мурда жоголгон кыргызстандык кыз табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи самоубийства в Кыргызстане
Случаи самоубийства в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоголду делген кыз бул мезгил аралыгында Алматыдагы эжесиникинде жашап жүргөн. Үй-бүлөдөгү такай болуп келген жаңжалдан улам аны апасына бербөөнү суранган.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Алматы облусунда беш ай мурун жоголгон 16 жаштагы кыргызстандык кыз табылганын Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Жогоулуп кеткен чек арачы Бексултан Баардинов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки жыл мурда жоголгон чек арачы Баардиновдун апасы: уулум быйыл изделген жок
Маалыматка ылайык, кыз апасы менен Казакстанга келип, Алматы облусунун Енбекшиказак районуна каттоого турган. 2017-жылдын августунда апасы кызы жоголгонун айтып, полицияга арыз менен кайрылган.

Беш айдан кийин полиция кыздын каякта экенин аныктаган. Бул убакыт ичинде кыз Алматы шаарындагы эжесинин үйүндө жашап жүргөн. Ал үй-бүлөсүндө такай жаңжал болгонун айтып, апасына бербөөнү эжесинен суранган.

"Учурда жашы жете элек өспүрүм апасына берилди. Кыз үйүнөн такай качып кетип тургандыктан полиция анын чоо-жайын тактап, чара көрөт", — деп айтылат маалыматта.

Кыз апасы менен Казакстанга келгенден бери мектепке барбай жүргөнү аныкталган. Полиция билим берүү тармагындагы тийиштүү органдарга бул факты боюнча маалымат берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0