Кумтөр: Кыргызстан өз байлыгын кантип кайтарып алды
Кумтөр: Кыргызстан өз байлыгын кантип кайтарып алды
Кыргыз бийлиги канадалык алтын өндүрүүчү Centerra Gold Inc. компаниясы менен тарыхый келишимге жетишти. Кумтөр кени толугу менен өлкөнүн менчигине өттү.

Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин өлкө жетекчилиги эл аралык компания менен түз тирешүүгө өткөн. Республика мындай кадамга биринчи жолу барып, өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргой алды.
Кумтөр кенинин тегерегиндеги териштирмей республиканын соңку тарыхында тынымсыз кайталанып келген. Борбор Азиядагы эң ири алтын кени өлкөгө өнүгүү үчүн эбегейсиз ресурстарды бермек, бирок кыргызстандыктар, куру дегенде көпчүлүк долбоордон андай каражаттын келгенин сезе албады. Талаштын негизги предмети — канадалык компания жана КРдин ортосундагы кирешени бөлүштүрүү болгон.

Кумтөр — Centerra Gold Inc. ишканасына кирешенин басымдуу бөлүгүн алып келген негизги актив. Мисалы, 2020-жылы аталган компанияга кен пайданын 58 пайызын камсыз кылган. Ал тургай жалпы кирешенин 90 пайыздан ашуунун камсыздаган жылдар да болгон.

Кумтөрдү улутташтыруу негизги саясий тренддердин бирине айланганы таң каларлык деле эмес. Бул маселе ар бир мамлекеттик төңкөрүштөн кийин көтөрүлчү. Бирок Садыр Жапаровдун тушунда гана өкмөт кескин кадамдарга барып, кенди көзөмөлгө алып, өз алдынча иштете башталган. Анткен менен бул ушуну менен токтоп калчудай эмес. Кыргызстан көп нерсени тобокелге салган жаңы окуя башталган.
Башаты
Башаты
Кумтөрдүн тарыхы 1978-жылга барып такалат, советтик геологдор кенди ошол жылы табышат. Он бир жылдан кийин аны өздөштүрүү долбоору түзүлөт, бирок иштетүүнү кийинкиге жылдырышат. Кээ бири буга өндүрүштүн кымбаттыгы себеп болгон дешсе, айрым версияларда экологияга залал келтирбеш үчүн токтотулган деп да айтылат.

Көз карандысыздык алганы кенге инвесторду Кыргызстан өз алдынча издөөгө киришет. 1991-жылы КРдин тунгуч президенти Аскар Акаев «Сиабеко–Кыргызстан» мамлекеттик-жеке корпорациясын түзүү жөнүндө жарлык чыгарат. Жетекчилигине СССРден Канадага жер которуп, Seabeco компаниясын түптөгөн ишкер Борис Бирштейнди дайындайт. Кийин анын ошол ишканасы алдамчылык жана акча адалдоого айыпталып жабылганы белгилүү.

Ошол убакта уран казуу менен алектенген канадалык Cameco Corporation («Камеко») ишканасы «Сиабеконун» ортомчулугу менен Кумтөрдү иштетүүгө укук алат. Ал жылдары эле кендин тегерегинде биринчи талаш-тартыштар жаралат, корпорация менен кызматташууну Аскар Акаев жана анын өкмөтү жактайт. 1992-жылы «Камеко» менен башкы макулдашууга кол коюлат, бирок легендарлуу парламенттин (1990–1994) депутаттары караманча каршы чыгышкан.
Жамин Акималиев
Легендарлуу парламенттин өкүлү
«Кылдаттык менен талдап чыккан соң Акаевге шашылбоо керектигин айттык. Канадалык гана компания катышкандай болбосун деп тендер жарыялоону сунуштадык. Мисалы, россиялык же казакстандык ишкананы тандоого эмнеге болбосун деп сурадык. Акаев таптакыр кулак салбай чечим чыгарууга ашыккан. Шарттар Кыргызстандын пайдасына эмес, Кумтөрдүн эсебинен айрым адамдардын байыгысы бар экени айдан ачык болуп тургандыктан макул болгон жокпуз.

Бирок Акаев өз жарлыктары менен аракет көрүүгө өтүп, «Камекону» түртмөлөй берди. Ал эми 1994-жылы бийлигин күчтөндүрүү үчүн жасалма түрдө парламенттин өзүн-өзү таркатуусу боюнча демилге көтөрдү», — дейт легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев.
1994-жылы Кыргыз өкмөтү алып, алтын кен казуучу фабриканын курулушун баштаган. Ошентип, туура үч жылдан соң – 1997-жылы алтындын коммерциялык өндүрүшү старт алган.

Кыргызстан менен "Камеконун" ортосундагы үлүштү бөлүп, «Кумтөр голд компани» жабык акционердик (КГК) коомун түптөшкөн.

Ошондо «Кумтөр» төмөнкүдөй шарттарда иштетилген:

  • КГКнын 2/3 акциялары Кыргызстанга, ал эми 1/3 — «Камекого» таандык;

  • КГКга 2009-жылга дейре 10070 гектар ижарага берилет;

  • Концессиялык келишим 2042-жылга чейин иштейт;

  • «Камеко» жана ага тектеш компанияларга, ошондой эле чет өлкөлүк подрядчиктердин өкүлдөрүнө 2003-жылга чейин салык же кандайдыр жыйым алынбайт (жер ижара акысынан тышкары).
Кыргызстан Кумтөрдөн ажыраганда
Кыргызстан Кумтөрдөн ажыраганда
«Камекону» салыктан бошоткон жеңилдик мөөнөтү бүткөндө канадалык өнөктөш өз келишимин сунуштайт. Анда Centerra Gold Inc. ишканасын түптөө, ага «Кумтөр голд компанини» жана «Камеконун» бардык активдерин берип (үч тоо-кен долбоорун жана акционердик заемдордогу үлүштөр), андан соң үлүштү бөлүштүрүү камтылган.

Кыргызстандын өкмөтү макул болгон. Ошол реструктуризациядан кийин өлкө атынан «Кыргыз алтынга» Centerra 33 пайыздык, «Камекого» — 67 пайыз деп белгиленет.

2004-жылы Centerra IPO чыгып, акцияларды Торонтодогу фондулук биржага чыгарат. Үлүш төмөнкүчө бөлүштүрүлөт:
Кыргызстандын үлүшүнүн кыскарышы акциялардын бир бөлүгүнүн сатылышына байланыштуу болгон. Ошондон тарта өлкө Кумтөрдүн көзөмөлүн иш жүзүндө колдон чыгарган. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, бийлик алтынды акцияга алмашкан, бул – кыйла тобокелдүү актив эле.
Гани Асаналиев
Геолог, парламенттин алгачкы чакырылышынын депутаты
«Камеконун» бардык активдери ойдон чыгарылган, алтындын кору салыштырылгыс болгон. Кимдир бирөөнү күнөөлөш кыйын, бирок коррупциялык элементтер аралашкандай.

Алтынды акцияга алмашуу кирешесиз. Түз эле пайданы алып туруш керек болчу, ошондо биз бүгүнкүдөй өлбөстүн күнүн көрбөйт элек», — деп кейийт геолог, парламенттин алгачкы чакырылышынын депутаты Гани Асаналиев.

2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасы өкмөткө токтомду жокко чыгарууга кеңеш берген, бирок ал чечимди аткарышкан эмес. 2005-жылы да парламенттин ушул эле палатасы токтомду мыйзамсыз деп тапкан, анткен менен жагдайга бул эч кандай таасир эте алган эмес. Ошондон эки ай өтпөй өлкөдө биринчи мамлекеттик төңкөрүш болуп, Аскар Акаев башында турган бийлик кулатылат.
Моюн сунуу
Моюн сунуу
2007-жылы өкмөт кайрадан Кумтөр менен алышат, андан майнап чыгып Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүү боюнча алдын ала макулдашууга жетишкен. Бирок ошол тушта парламент менен министрлер кабинети алмашып кетип, баары кагаз бетинде гана калган.

2009-жылы КГКнын жер ижаралоо мөөнөтү аяктап, Кумтөр маселеси кайрадан көтөрүлгөн. Расмий түрдө сүйлөшүүлөрдү ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө жакын «Кыргыз алтындын» директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеев жүргүзгөн. Жаңы келишим түзүлүп, ага ылайык «Камеко» ишканасы «Кыргыз алтынга» акцияларынан бөлүшкөн, ал эми Centerra КРдин пайдасына эмиссия кылган.

Ошону менен бирге эле канадалыктарга иштетүүгө кошумча аянт берилип, долбоордук компаниялар салык төлөөдөн 2042-жылга дейре бошотулган.

Натыйжада төмөнкүдөй жагдай түзүлөт:

  • Кыргызстанга Centerra компаниясындагы үлүшү 15,66 %дан 32,75 %га өскөн;

  • Концессиялык аянт 10 миңден 26,3 миң гектарга кеңейтилген;

  • Долбоордук компаниялар 2042-жылга чейин салык (макулдашууларда каралгандардан сырткары) төлөбөй турган болгон.

«Кыргыз алтынга» өз акцияларынан бөлүшкөн «Камеко» долбоордон чыгып, өз пакетин

908 миллион Канада долларына (бул АКШ долларына которгондо 863 миллион долларга чамалайт) CIBC World Markets Inc. жана RBC Capital Markets жетектеген камсыздандыруучу компаниялардын синдикатына сатып жиберген.

Ошондон көп өтпөй Кыргызстанда кайрадан бийлик алмашып, Курманбек Бакиев өлкөдөн качат.
Мандем эмнеде эле?
Мандем эмнеде эле?
Абал турукташкан соң ошондогу жаңы бийлик да Кумтөр маселесине киришет. 2012-жылы премьер-министр Өмүрбек Бабанов концессиялык аянтты кеңейткен мурдагы өкмөттүн токтомун жокко чыгарат.

Мамлекеттик комиссия түзүлүп, ал канадалык компаниянын түптөлгөндөн берки ишин, анын ичинде ишкананын экологиялык нормаларды сактап-сактабаганын да талдайт.

Интернеттин өнүгүшү, коомдун саясатташканы жана башкаруунун жаңы тутуму ачыктыкка шарт түзгөн. Кыргызстандыктар Кумтөрдүн тегерегиндеги кырдаалга тыкыр көз салып турган.

Мамлекеттик комиссия бул иште башынан бери мыйзам бузуулар болгон деген тыянакка келген. Подрядчикти тандоо механизми ачык жүргөн эмес, курулуштун баасын кымбат көрсөтүшкөн, «Камеко» кендин өзүн күрөөгө коюп, инвестиция издеген. Комиссия чыгарган жыйынтыктарга таянсак, Кыргызстан 2003–2004-жылдардагы келишимден эң көп жоготууга учураган. Ошондой эле корутундуда «Камеко» (Бороо, Гацуурт жана REN) активдеринин наркы ашыкча бааланганы, акционердик заёмдору карызга эмес, акцияга которулганын, бул компаниянын үлүшүн бир кыйла жогорулатканы белгиленген.

Мамлекеттик комиссиянын отчётунда Кыргызстандын активдерин баалоодо «Камеконун» 1992–1994-жылдагы маалыматтары пайдаланылып, запастын (237 тоннадан 57си) жана болжонгон ресурстардын бир бөлүгү (200 тоннадан 21и гана) эске алынган.
«Centerra компаниясында иштетилген эки — Кумтөр жана Бороо (анан калса Бороо жабылуу алдында) кендери бар, калган сегиз тилке изилдөө, чалгындоо же даярдык баскычында. Ошол эле убакта Кумтөр Centerra компаниясына негизги киреше алып келүүчү бирдик болуп саналат, 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы пайдасынын дээрлик 92 пайызын түзгөн», — деп маалымдаган мамлекеттик комиссия ошондогу тыянагында.
2009-жылы шарттарды кайра карап чыгууга 2003–2004-жылдардагы келишимдер негиз болгон, комиссия анын Кыргызстандын кызыкчылыгына мурдагыдай эле туура эмес келет деген пикирди тутунган. Отчётто ошондой эле башка акчалай жоготуулар, "шектүү каржылык операциялар" жана Centerra компаниясынын майнапсыз башкаруусу тууралуу да фактылар камтылган.

Мамлекеттик комиссиянын отчётунда экологиялык зыян туурасында: жер кыртышынын бузулушу, Петров көлүнөн сууну акысыз пайдалануу, мөңгүлөрдү бүлүндүрүү жана булгоо, залалдуу заттардын чыгарылышы боюнча да айтылат.
Бул уулуу калдык сактагычка алтынды кенден бөлүп алгандан кийинки калган бардык зыяндуу заттар түшөт
Жумушчу топ 2009-жылдагы макулдашуудан баш тартууга кеңеш берип, мөңгүлөрдү бүлүндүрүүгө тыюу салып, жер алдындагы казууга, ал тургай жемкорлукка айыптоо менен канадалык менеджерлерди сотко берүүнү сунуштаган.
«Пара берүүгө аралашкан Centerra Gold Inc. жана Cameco Corporation менеджерлерин сотко берүүгө кыргыз тараптын акысы бар. Канаданын Королдук атчан полициясынын жемкорлукка каршы бөлүмүндө, Канада жана АКШдагы биржа жана баалуу кагаздар комиссиясына паракорчулук, кирешени адалдоо жана жемкорлук шеги менен иликтөөнү демилгелөө зарыл. Ошондой эле кыргыз тарап акционер катары эң маанилүү маалыматтарды жашырып коюу, инвестор жана акционерлерди жаңылтуу жана алдоо боюнча Торонтонун фондулук биржа органына — баалуу кагаздар боюнча Онтарио комиссиясына жана Нью-Йорк штатынын баалуу кагаздар жаатындагы ыйгарым укуктуу органына даттана алат», — деген корутунду чыгарган мамлекеттик комиссия.
Компания менен кезектеги сүйлөшүүлөр башталган. 2013-жылы өкмөт өзүнүн Centerra компаниясындагы үлүшүн Кумтөр долбооруна 50 пайыздык үлүш менен катышуу укугуна алмашкан. Жогорку Кеңеш 67 пайыздык үлүштү талап кылып, андай макулдашууну колдоодон баш тарткан.

Ошол тушта Ысык-Көл облусунун тургундары 2009-жылдагы келишимди бузууну жана Кумтөрдү улутташтырууну талап кылып митингге чыккан. Ошондо ЖК депутаты Садыр Жапаров улутташтырууну катуу жактаган.
КРдин Мамлекеттик экотехинспекциясы «Кумтөр голд компанини» жергиликтүү сотко берип, канадалык инвестор менен сот процессин баштаган. Адегенде доо арызды кабыл алышкан эмес, бирок 2016-жылы кыргызстандык соттор талапты канааттандырган.

Сот жараяны жүрүп жаткан чакта Centerra Кыргызстандын расмий макулдугусуз эле Thompson Creek компаниясын сатып алат. Анын айынан республиканын үлүшү 26,1 пайызга түшкөн. Кийин компанияны саткан директор Centerra ишканасына келип, жаңы актив дээрлик эки пайызга түшүп кеткен.
Мөңгүлөргө жакын иштөөгө кандайча уруксат берилген?
Мөңгүлөргө жакын иштөөгө кандайча уруксат берилген?
2014-жылы өкмөт КРдин Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейт. Алар мөңгүлөрдүн эришин тездетүүгө себеп болгон иштерге тыюу салууга тиешелүү эле. Бирок документте Кумтөр кенинин аймагында жайгашкан Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнө өзгөчөлүк берилген. Сунуш катуу сынга кабылган. Министрлер кабинети буга "Кумтөр" бюджетке көп каражат төгөрүн, ишкананын ишин токтотууга болбостугун жүйө катары келтиришкен. Андан мурдараак Centerra жер алдындагы долбоорду токтотуп, муну чыгымдарды азайтуу менен түшүндүрүшөт. Бирок геологдор жер алдында кен казуу мөңгүлөрдүн көп бөлүгүн сактап каларын кан какшап кайталашат.

Мыйзам коомдук талкуудан өтүп, парламентте каралганча Кумтөр боюнча сот процесстери эл аралык инстанцияларга жеткен. 2016-жылы Centerra созулуп кеткен талаштан улам Кыргызстандын өкмөтүн сотко берип, чечилбей жаткан маселе долбоордун ишине жолтоо болууда деген доомат койгон. Тараптар макулдашып, 2017-жылы Суу кодексине өзгөртүүлөр парламент тарабынан кабыл алынган. Ошол мыйзам долбооруна Алмазбек Атамбаев өз президенттигинин акыркы күнү кол койгон.
Алмазбек Атамбаев
Кыргызстандын мурунку президенти
«Мөңгүлөр аба ырайынан улам эрип, климаттын глобалдык өзгөрүшү жүрүүдө. Документтерди, эксперттердин пикирлерин карап жатам. СССР кезинен берки каталог, эски маалыматтарды алып чыктым. Кыргызстанда 6 771 мөңгү бар. Мыйзам экөөнө гана тиешелүү — бул жалпы аянттын 0,14 пайызы. Кен 23 жыл мурда иштетиле баштаган. Эмнеге дал азыр бул маселе көтөрүлүүдө?» — деген Атамбаев ошол өзгөртүүлөрдү кабыл алуудан бир нече күн мурунку маалымат жыйынында.
Ошондой эле ал канадалык компаниядан кенди иштетүүнүн кесепеттерин жоюу керектигин талап кылуу зарылдыгын кошумчалаган.

Эки жылдан кийин өкмөт 2009-жылдагы макулдашууну бекитип, экологиялык дооматтардан баш тартып, Centerra менен келишим түзөт. Ал үчүн инвестор 2026-жылга чейин 150 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирилет.
Кумтөрдөгү кырсыктар
Кумтөрдөгү кырсыктар
2019-жылдын аягында кенде дагы бир кырсык болот: кенди иштетүү зонасында мөңгүнүн жылышынан улам көчкү жүрүп, эки жумушчуну басып калат. Алардын сөөгү ошол бойдон табылган эмес.
Кейиштүү окуялардын бири 2012-жылы да болгон. Лысый мөңгүсү жылып, вахталык кыштакты талкалаган. Кудай жалгап кырсыкта жоготуулар болгон эмес. Ошол кырсык мөңгүлөрдүн жылышына көз салуучу системаны орнотууга себепчи болгон.

Эң ири кырсык 1998-жылы катталган. Алтын казуучу компаниянын натрий цианидин ташып бараткан жүк ташыган автоунаасы Барскоон дайрасына кулайт. Жакынкы кыштактан беш миңге чукул тургун коопсуз жайга көчүрүлөт. Анда өкмөткө доо арыздан баш тартып жана жоопкерчиликти өзүнө алуусу үчүн кыргыз өкмөтүнө 4,5 миллион доллар төлөп берилген.
Кумтөрдү кайтарып алуу кантип башталган
Кумтөрдү кайтарып алуу кантип башталган
2020-жылдын октябрындагы окуялардан соң бийликке Кумтөрдү улутташтырууну жактаган Садыр Жапаров келди. Кыргызстандыктар анын негизги убадаларынын бирин кантип аткарарын күтүп жатышкан.

Мурда эл аралык доолордон жана кенди өз алдынча иштетүүдөн чочулаган бийлик кенди улутташтыруудан баш тартып келгени жагдайды ого бетер кызыткан. Ошондуктан улутташтырууга чакырыктар популизм катары сыпатталчу.

Жаңы бийлик активдүү аракеттерге быйыл май айында өттү. Парламент экологиялык талаптар бузулган шартта Кумтөрдү убактылуу сырттан башкарууга алууга мүмкүндүк берген мыйзам долбоорун кабыл алган.

Эртеси күнү жергиликтүү сот «Кумтөр голд компани» ишканасынан экологиялык нормаларды бузгандыгы үчүн 3 миллиард доллар, андан соң камсыздандыруучу төгүмдөр боюнча карыздары үчүн дагы 25 миллион доллар өндүрүү чечимин чыгарган.

Май айынын ортосунда Жогорку Кеңеш КГКны текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын тышкы башкарууну киргизүү жөнүндөгү сунушун кароого киришкен. Жыйында коомго Тенгиз Бөлтүрүк тааныштырылган. Өкмөт ал кишини тышкы башкаруучу кылып дайындоону чечкен. Ал өзү канадалык инженер лицензиясына ээ, 13 өлкөдөгү 18 тоо-кен долбоорунда тажрыйбасы бар экенин, Садыр Жапаровдун чакыруусу боюнча келгенин айткан.
Тенгиз Бөлтүрүк Жогорку Кеңештин жыйынында
2020-жылдын декабрында президенттин демилгеси менен тийиштүү маалыматтарды топтоого мүмкүнчүлүк алуу үчүн Тенгиз Бөлтүрүктү Centerra директорлор кеңешине Кыргызстандын өкүлү катары дайындашкан. Ошондой эле мурда Тенгиз Бөлтүрүк кыргыз бийлигине Centerra менен макулдашууну бузуп, компаниянын менеджерлерин жана мурдагы премьер-министрлерди жоопко тартууга чакырып келгенин билдирген. Мамлекеттик комиссия Centerra тараптан бир катар, атап айтканда, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүндө калдыктарды сактоо боюнча мыйзам бузууларга жол берилгенин белгилеген.

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманованын айтымында, КРдин Суу кодексине киргизилген түзөтүүлөрдү мөңгүлөр зонасында ишмердикке уруксат берген, бирок калдыктарды сактоо бир нече мыйзам менен тыюу салынган.

Комиссия КГК жетекчилиги Кыргызстандан чыгып кеткенин жана мөңгүлөрдүн жылышына көз салуучу системаны сырттан өчүргөнүн да кабарлаган. Анын маалыматына таянсак, кен иштетиле баштагандан бери Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми канадалык компания — 11,5 миллиард доллар тапкан. Алтын кору кенде Centerra ишканасынын расмий маалыматтарына караганда алда канча көп.

Ошентип тышкы башкаруу Тенгиз Бөлтүрүккө тапшырылды. Мамлекет баары бир кенди өз алдынча иштете алары анык болуп чыккан.

Алгачкы айда IT-система калыптандырылды, 44 миң унций алтын сатылып, 40,3 миллион доллар алынды, калдыктар мөңгүлөрдөн ылдый жакта сактала баштады. Өкмөт мурда Centerra баш тартып келген жер алдында кен казууга өтүүнү пландаган.
Centerra эмне деген?
Centerra эмне деген?
Канадалык компания кыргызстандыктарга кайрылуусун өз сайтында кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланчу. Эки айга чукул убакыттан бери аны улам жарнамалоодо, эгер Google сервисинен «Кумтөр» же «Centerra» деп издесеңиз, ошол кайрылуу алдыңкы сапка чыккан. Анда эл аралык стандарттарда иш алып барганын, ал эми Кыргызстандын өкмөтү кенди негизсиз айыптоолордун негизинде тартып алганы жазылган.

Centerra мындай аракеттер өлкө экономикасына жана инвестициялык климатка коркунуч туудурарын белгилейт. Кайрылууда компания долбоорго 3,4 миллиард доллар инвестициялаганы, дагы 2 миллиард доллар салуу пландалганы да айтылат. Centerra мурдагыдай эле диалогго даяр экенин, бирок кыргыз бийлиги баш тартып жатканын кабарлаган.
«Биз кыргыз калкы менен Кыргызстанга да, компаниябызга да пайда алып келген узак кызматташуубуз менен сыймыктанабыз. Абдан сонун бул өлкөгө инвестициялоону уланта албай турганыбыз көңүл чөгөртөт», — деп жыйынтыктайт кайрылуусун Centerra Gold Inc. президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри.
Ишкана маалымат каражаттарына тараткан билдирүүлөрүндө коопсуздук тутумдарын өчүрбөгөнүн, бирок IT-системага кирүүнү убактылуу токтотконун моюнга алган.

Centerra сүйлөшүүлөргө даяр экенин дайым кайталап келет. Жагдайга Канада өкмөтү да көңүл буруп, бул окуяларга кейип турганын белгилөө менен тышкы иштер жана соода министрлери чогуу билдирүү жасашкан.

Бул менен бирге эле Centerra өз канатындагы компанияларды, атап айтканда, КГКны банкроттук жол-жоболорду баштоо менен Нью-Йорктун Түштүк округунун сотуна кайрылып доодон куткарууга тырышты. Бирок андай амалга жол берилген жок. Сот Кыргызстандын укугун кечирээк этаптарда аны буйрук чөйрөсүнөн чыгарууну талап кыла турган укугун калтырды. Мындан сырткары, компания канадалык сот аркылуу Тенгиз Бөлтүрүктү тышкы башкаруудан четтетүүгө да аракет кылган.
Кумтөр кимдерди байыган?
Кумтөр кимдерди байыган?
Ал ортодо Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Кумтөрдү иштетүү жаатында макулдашууларды түзүүдөгү жемкорлук фактылары боюнча кылмыш ишин козголгон.

Тергөө 1992–2019-жылдары айрым жогорку жана башка кызматтагы адамдар билип туруп Кыргызстанга пайдасыз келишимдерди түзүүдө Cameco Corporation жана Centerra Gold Inc. өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүүгө барышканын белгилеген.

Тийиштүү орган ЖКнын мурдагы жана азыркы депутаттарынын бир нечесин, арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун инисин, ошондой эле аткаминерлерди, анын ичинде экс-премьер Өмүрбек Бабановдун үстүнөн терештирүү болгон.
Тарыхый келишим
Тарыхый келишим
4-апрель күнү президент Садыр Жапаров түз эфир аркылуу кайрылуу жасап, Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын карамагына өткөнүн жар салды.
Садыр Жапаров
"Кумтөр Кыргызстандын ээлигине толугу менен жана биротоло кайтарылганын кыргыз элине жана жалпы дүйнөлүк коомчулукка жарыялаймын. Бүгүн Centerra менен болгон талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу чечимге жана эле кол коюлду. Ошентип Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү. Бүгүнкү күндү өлкөбүздүн тарыхындагы чыныгы бурулуш десем аша чапкандык болбос. Анткени элибиз өз тагдырына болгон жоопкерчиликти колуна алды. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген дал ушундай болушу керек!" — деген Жапаров.
Келишимде төмөнкү шарттар каралган:

  • Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 100 пайыз акциясы республикабызга тиешелүү;

  • Тышкы башкаруу киргизилген 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер — 323 миллион доллардан ашык каражат Кыргызстандын менчиги экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык;

  • Centerra бизге өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болду, анын көлөмү болжол менен 11 миллион долларды түзөт;

  • Centerra кыргыз тарапка 50 миллион доллар өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет;

  • Кумтөр кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү толук өзүбүзгө кайтарып алдык, бизге 53 миллион доллар келет. Бул каражат мурда Лондон банкынын трасттык эсебинде сакталып келген;

  • Centerra 2021-жылдын май айындагы алып кете албай калган алтындын партиясы үчүн 29 миллион долларды төлөп берүү боюнча койгон талабынан баш тартты;

  • Centerra АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду;

  • "Кыргыз алтын" ачык акционердик коому Centerra компаниясындагы 26 пайыз үлүшүн өзүнө өткөрүп алат. Ошол эле учурда Centerra аталган акциялар пакетине укуктарды өткөрүп берүүгө байланыштуу Канаданын мыйзамдарына ылайык бардык салык төлөмдөрүн өз эсебинен жабат.
Жапаровдун кайрылуусунан киийн Centerra Gold Inc. Кыргызстандагы "Кыргыз алтын" ишканасындагы бизнес-активдерин сатууга макулдук бергендигин жана өлкөдөн кетерин жарыя кылган.
Авторлор
Максат Элебесов, Бегимай Бакашева

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Фото
Табылды Кадырбеков, Султан Досалиев, Эламан Карымшаков, Игорь Егоров, Акылбек Батырбеков

Текстти которгон
Айнагүл Сапарбек кызы

Маалымат булактары
КРдин Юстиция министрлигинин, «Кумтөр Голд Компани» жана Centerra Gold Inc. расмий сайттары, расмий билдирүүлөр
Жаңылыктар түрмөгү
0