https://sputnik.kg/20211128/suzak-10-kun-murda-zhogolgon-kyz-soogu-tabyldy-1054764957.html
Сузакта 10 күн мурда жоголгон окуучу кыздын сөөгү табылды
Сузакта 10 күн мурда жоголгон окуучу кыздын сөөгү табылды
Sputnik Кыргызстан
27-ноябрда Сузак райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургун телефон чалып, Арал айылындагы Көк-Арт суусунун жээгинен болжол менен 8-12 жаштагы кыздын сөөгү... 28.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-28T10:11+0600
2021-11-28T10:11+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
сузак району
окуучулар
издөө
милиция
сөөк
кыз
https://sputnik.kg/img/103756/17/1037561751_0:317:6017:3701_1920x0_80_0_0_8271e1d726b2fd8f22908a1b0b88aee6.jpg
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Сузак районунда мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованын cөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.Маалым болгондой, 27-ноябрда болжол менен саат 17:00 чамасында Сузак райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургун телефон чалып, Арал айылындагы Көк-Арт суусунун жээгинен болжол менен 8-12 жаштагы кыздын сөөгү табылганын кабарлаган.Жерине Сузак РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, сөөктү карап чыккан соң ал дайынсыз жоголгон Сумая Хосилжанова экени белгилүү болгон.Аталган факт Сузак милициясы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.Эске салсак, наристе 18-ноябрь күнү саат 12:40тар чамасында окууга кеткен бойдон кайткан эмес. Ошондон тарта аны укук коргоо органдары издеп жаткан.
сузак району
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103756/17/1037561751_330:0:5685:4016_1920x0_80_0_0_5ec7aa99a56450684b6efc4ede8e0e3b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, сузак району, окуучулар, издөө, милиция, сөөк, кыз
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, сузак району, окуучулар, издөө, милиция, сөөк, кыз
Сузакта 10 күн мурда жоголгон окуучу кыздын сөөгү табылды
10:11 28.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) 27-ноябрда Сузак райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургун телефон чалып, Арал айылындагы Көк-Арт суусунун жээгинен болжол менен 8-12 жаштагы кыздын сөөгү табылганын кабарлаган.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Сузак районунда мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованын cөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, 27-ноябрда болжол менен саат 17:00 чамасында Сузак райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү тургун телефон чалып, Арал айылындагы Көк-Арт суусунун жээгинен болжол менен 8-12 жаштагы кыздын сөөгү табылганын кабарлаган.
Жерине Сузак РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, сөөктү карап чыккан соң ал дайынсыз жоголгон Сумая Хосилжанова экени белгилүү болгон.
Аталган факт Сузак милициясы тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.
Эске салсак, наристе 18-ноябрь күнү саат 12:40тар чамасында окууга кеткен бойдон
кайткан эмес. Ошондон тарта аны укук коргоо органдары издеп жаткан.