12:29 23 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (102)
277 0 0

Молдошеванын жашы жете элек балдары болгондуктан, чет жакка чыкпоо жөнүндө тил кат түрүндө бөгөт чарасы тандалды.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кумтөр кенин иштетүү боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Динара Молдошевага кылмышка шектелип жатканы боюнча билдирүү жиберилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Бирок Молдошеванын үй-бүлөлүк абалын жана жашы жете элек балдары бар экендигин эске алуу менен чет жакка чыкпоо жөнүндө тил кат алынганы айтылат.

Молдошева учурда Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы. 2007-жылдан тарта Жогорку Кеңештин депутаты, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болгон.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эске сала кетсек, бүгүн УКМК Кумтөр ишинин алкагында президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-вице-премьер Алмазбек Баатырбековду Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү ("Коррупция") боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде кармап, камакка алды.

Буга чейин Кумтөр иши боюнча коррупцияга айыпталып мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов, ЖК депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Талант Узакбаев, Исхак Пирматов эки айга камакка алынган.

Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (102)

Тема боюнча

Канат Исаев: салмактуу саясатчылар камалды, аларды үй камагына чыгарыш керек
Өмүрбек Бабанов эки айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди
Депутат Узакбаев Кумтөр иши боюнча эки айга камалды
Белгилер:
УКМК, Кумтөр, Динара Молдошева, шектүү

ЭҢ МААНИЛҮҮ