Ич тарапка сайып, бычакты шашпай ордуна коюп... Таластагы кандуу окуянын видеосу

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычак менен киши. Иллюстративдик киши
Бычак менен киши. Иллюстративдик киши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадрдан жетелешип келе жаткандардын  узун бойлуураагы экинчисин текчеде сатыкта турган бычактын бирин алып сайып жибергенин байкоого болот.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Талас шаарындагы соода борборунда 12-октябрга караган түнү жергиликтүү эки тургун өз ара чатакташа кетип, бири экинчисин дүкөндө сатыкта турган бычак менен сайып жиберген. Бычак жеген 23 жаштагы жигит ооруканада каза тапкан. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Окуянын видеосу "Короче" телеграм-каналына жарыяланды. 

Кадрдан биринчи жигит экинчисин кармап, улам токтотуп бара жатканын көрүүгө болот. Бир саамдан кийин узун бойлуураагы экинчисин текчеде сатыкта турган бычактын бирин алып сайып жибергенин байкоого болот. Ал арада экөөнүн жанына бир нече балдар келип, тегеректеп, жаракат алган жигитти колтуктап жетелеп, бирок ал алсырап баса албай калгандыгы камерага түшүп калган. 

Ысык-Атада бир тууган инисин өлтүрдү деп шектелип 42 жаштагы киши кармалды

Милициядан окуя түнкү саат 03:00 чамасында болгондугун, чатакташкандар классташ экендигин айтышты.

"Окуя туурасында бычак сайган жаран милицияга өзү кабарлаган. Учурда ал облустук убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат", — деп билдиришти милициядан.

Шектүү Э. у А. 24 жашта, ал эми каза тапкан Ж.Н. 23тө экени маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0