Ошто кайрадан жер силкинди

© AP Photo / STRКиши сейсмограф менен иштеп турат. Архив
Киши сейсмограф менен иштеп турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөө Алай районунун Иркештам айылында 3,5 балл жана Нура айылында 3 баллга чейин сезилген.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кечээ Ош облусунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.

Ага ылайык, жер силкинүү саат 10:10до катталып, Алай районунун Иркештам айылында 3,5 балл жана Нура айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Табият албууттанганда. Кыргызстандагы жүрөк үшүн алган жаратылыш кырсыктары

Эске сала кетсек, кечээ дагы Ош облусунун аймактарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болгон эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0