ӨКМ: сууга чөгүп кеткен 5 адам табылбай жатат, арасында балдар бар

© Sputnik / Табылды КадырбековПоисково-спасательные работы МЧС КР
Поисково-спасательные работы МЧС КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте көпчүлүгү Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Кээ бирин куткаруучулар 10 күндөн бери издеп жатышат.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акыркы күндөрү Кыргызстанда алты адам сууга чөгүп кетип, табылбай жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ Ысык-Көлдүн Бостери айылында жайгашкан "Золотые пески" пансионатынын пляжындагы сууга чөгүп кеткен 29 жаштагы жигиттин сөөгүн куткаруучулар бүгүн эртең менен алып чыгышты. 

Бишкектин Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына (ЧЧК) 10-августта түшүп кеткен беш жаштагы баланы табуу үчүн ӨКМден 25 куткаруучу тартылган. Издөө иштери бүгүн дагы улантылат.

ӨКМ: бир жумада беш киши сууга чөгүп кеткен, анын төртөө балдар

Мындан тышкары, 15-августта Учкун кичи районунда ЧЧКга түшүп кеткен 13 жаштагы тестиер дагы изделүүдө.

Жекшемби күнү Ленская көчөсүндө ЧЧКга эркек киши чөгүп кеткен. Аны табууга ӨКМдин №1 өрткө каршы бөлүгүнүн куткаруучулары тартылган. Издөө иштери бүгүн да жүргүзүлөт.

Ишемби күнү Чүйдүн Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кетип, 21 куткаруучу издеп жатат.

Ал эми Кочкор районунда 7-август күнү Теңдик айылындагы Чу дарыясына чөгүп кеткен жети жаштагы бала табыла элек. Аны 23 куткаруучу, 13 жергиликтүү тургун издөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0