БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Ленин РИИБинин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты Бердибай Элакунов 37 жашында каза болду. Маалыматты Бишкек ШИИББдин маалымат кызматы тастыктады.
Ага ылайык, милиционер кечээ кечинде көз жумган. Өлүмүнүн себеби такталып жатат.
Бирок укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдын айтымында, ал пневмониядан улам ооруканада жаткан.
Чыныгы жетекчи болчу! Подполковник Олег Запольскийге жазылган ИИМдин некрологу
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарга ооруканада жаткан киши дем ала албай араң сүйлөп, оорудан абайлагыла деп кайрылуу жасаган видео тараган. Аны интернеттен жана мессенджерлерден көп киши бөлүшкөн.
"Жигиттер, ассалому алейкум, кандайсыңар. Абайлагыла, абайлагыла. Бул абдан коркунучтуу оору экен. Ошондуктан абайлагыла, маска кийгиле. Бул жакта Улуттук госпиталда адам жөн эле толуп кетиптир. Албай жатышат. Канчасын Тез жардам ташып келип жатат. Шаар кооптуу", — деп айткан.
Бишкек ШИИББ видеодогу киши каза тапкан милиционер экендигин тастыктады.