00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чыныгы жетекчи болчу! Подполковник Олег Запольскийге жазылган ИИМдин некрологу

© Фото / Пресс-служба СБНОН МВД КРБаңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын подполковниги Олег Запольский
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын подполковниги Олег Запольский - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кесиптештери Запольскийдин күжүрмөн тапшырмаларды аткарган иштерди мыкты уюштурууга жөндөмдүү, чыныгы жетекчи болчу деп сыпатташты.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Ички иштер министрлиги чоң жоготууга учурады. 39 жашында дүйнөдөн өткөн Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын подполковниги Олег Запольскийдин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы тараткан некрологдо айтылат.

© Фото / пресс-служба МВД КРБаңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын подполковниги Олег Запольский
Чыныгы жетекчи болчу! Подполковник Олег Запольскийге жазылган ИИМдин некрологу - Sputnik Кыргызстан
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын подполковниги Олег Запольский

Подполковник пневмония менен жабыркап ооруканага түшкөндөн кийин бир күн жатып, 27-июнда кечке жуук көз жумган.

"Олег Запольский жоопкерчиликтүү, тартиптүү, оор басырыктуу, ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу иштерин мыкты уюштурууга жөндөмдүү, чыныгы жетекчи болчу. Бүт өмүрүн жумушуна арнап, бардык күчүн жумшоо менен кызмат өтөп келди. ИИМдин жетекчилиги, Коллегиянын мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу жана ички иштер органдарынын бардык өздүк курамы Олег Запольскийдин үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт", — деп жазылган таратылган билдирүүдө.

Олег Запольский 1981-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1998-жылы мектепти аяктаган соң Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык факультетине тапшырып, 2003-жылы ийгиликтүү аяктаган. 2004-жылы КР Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин түзүлгөндүгүнөн баштап кенже лейтенант наамында, жөнөкөй ыкчам кызматкер болуп кызмат өтөп баштаган.

2010-жылы КР Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча бөлүмүнө толук ыйгарымдуу ыкчам кызматкер болуп которулган. Эмгек жолунда кесиптештери менен Кыргызстандагы жана эл аралык деңгээлдеги туруктуу кылмыштуу топторду жана баңгизат сатуучуларды кармап, бир топ кылмыштардын бетин ачкан. Жасаган эмгектери үчүн Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын жана Жамааттык коргонуу келишим уюмунун (ЖККУ) медалдары жана артыкчылык белгилери менен сыйланган. 2014-жылы жеке ок атуучу курал менен сыйланган.

Ысымы тарыхта калат! Болот Шерге бийликтегилер тарабынан жазылган некролог

Запольский 2015-жылы Россия ИИМинин Башкаруу академиясынын ички иштер органдарынын ишин уюштуруу факультетине тапшырып, 2017-жылы экинчи жогорку билимге ээ болгон. Ушул эле жылы Олег Запольскийге милициянын подполковниги наамы ыйгарылган. 2019-жылдын январь айында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0