https://sputnik.kg/20200627/koronavirustan-koz-zhumgandar-1048820967.html
Коронавирус жуктуруп алган дагы үч бейтап көз жумду
Коронавирус жуктуруп алган дагы үч бейтап көз жумду
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө коронавирус илештирип алып көз жумгандардын саны 46га жетти. Кечээ каза болгондор Ош жана Жалал-Абад облустарынан. 27.06.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-06-27T10:10+0600
2020-06-27T10:10+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104777/14/1047771479_0:304:3084:2048_1920x0_80_0_0_6089371dc3f9ac47c5102f68afb3f877.jpg
ош
жалал-абад
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104777/14/1047771479_0:110:3084:2048_1920x0_80_0_0_b66e04f92e0f0403fa6c7245494ae373.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, ош, жалал-абад, кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
жаңылыктар, коом, кыргызстан, окуялар, ош, жалал-абад, кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал
Коронавирус жуктуруп алган дагы үч бейтап көз жумду
10:10 27.06.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Өлкөдө коронавирус илештирип алып көз жумгандардын саны 46га жетти. Кечээ каза болгондор Ош жана Жалал-Абад облустарынан.
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган дагы үч бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Кыргызстанда дагы 309 кишиден коронавирус чыкты
Анын айтымында, өлкөдө коронавирус илештирип алып көз жумгандардын саны 46га жетти.
"Каза болгон жарандын бири Ош облустук ооруканасынан үзүлдү. Ал 51 жашта экени маалым болду. Экинчиси 76 жаштагы киши Жалал-Абад облусундагы ооруканада көз жумган, дагы бири Аксы райондук ооруканада дарыланып жаткан. Ал 74 жашта болчу", — деди Каратаев.
Кыргызстанда акыркы суткада 309 кишиден коронавирус чыгып, жалпы саны 4 513кө жетти. Анын ичинен 2 212 бейтап айыкты.